Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев имамдарга мечиттердин документтерин тездеттүүнү тапшырды

Кечээ, 8-октябрда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев иш сапары менен Кара-Буура районунун Чоң Кара-Буура айылына барып, райондун жалпы имамдары менен жолугушту.

Жолугушууда имамдардын ишмердүүлүгү каралып, 9 ай аралыгында аткарылган иштердин отчету берилди.

Облус казысы Таалайбек ажы Бапиев жаңы курулуп жаткан жана курулуп ишке берилген мечиттердин документтерин тездетүүнү,  мечиттердин ички жана тышкы тазалыктарын жакшыртып, жакынкы күндөрү ишембилик өткөрүүнү тапшырды.