Тирүү Куран

Бир мусулман аял христиан динин карманган кошуна аялдын ооруп жатканын угуп аны кабар алганы барат. Кошунасынын үйүнө кирсе ал уктап жаткан болот. Аны ойготуп, келиңиз мен сизге Курандагы аяттардан окуп дем салып берейин, биз ооруган кезде Куран аяттарын окуп Алла Тааладан шыпаа сурайбыз — дейт. Кошунасы: Коё тур! Алгач мага суу алып кел, мен аябай чаңкап турам — деп, суу алып келүүсүн сурайт. Мусулман аял чуркап барып суу алып келип ичирет. Кошунасы: Эми башымды жаздыктан бир аз өйдө кыл! — деп суранат. Башын өйдө көтөргөнгө жардам берет мусулман аял. Кошунасы: Бир нече күндөн бери тамак иче элекмин, мага тамак алып келип бер! — дейт. Мусулман аял тамак алып келип курсагын тойгозуп коёт кошуна аялдын. Эң аягында: Эми Куран окуп дем салайынбы? — деп сурайт. Кошуна аял: Сен Куран окуп дем салышыңдан мурда, мен сенин адеп-ахлагыңдан, мамилеңден, жүрүм-турумуңдан Куранды көрүп турам — дейт.

Окуядан алынчу сабак: Адамдарга өзүбүздүн ким экендигибизди адеп-ахлагыбыз, мамилебиз, сүйлөгөн сөзүбүз жана жүрүм-турумубуз аркылуу таанытышыбыз керек! Биз жер бетинде басып жүргөн тирүү Куран сымал үлгү болушубуз керек!
Ошондуктан, «Мага дин жөнүндө көп нерсе айтпа, мен сенин адеп-ахлагыңдан жана жүрүм-турумуңдан динди көргүм келет» — деген сөз айтылат.
Азирети Умар: «Унчукпай (жакшы мамиле, адеп-ахлак менен) динге үгүт кылгыла» — деп бизге өз керезин айтып калтырган.

Булак: nasaat.kg