Коногу көп үйдү Аллах жакшы көрөт

Коногу көп үйдү Алла Таала жакшы көрөт. Чоңдорду да кичинекейлерди да коноктогон үй кандай жакшы үй. Коногу үзүлбөгөн үйгө дайыма Алла Тааланын Мээрими жана Берекеси төгүлүп турат.

Пайгамбарыбыз (Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун): «Алла Таала кайсы элге жакшылык кааласа, аларга өзүнүн белегин жиберет» — дейт. Сахабалар: Ал кандай белек? — деп сурашат. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун): «Өз ырыскысы менен келип, коноктогон үйдөгү адамдардын күнөөсүн жоюп кеткен конок» — деп, жооп берет.

Башка бир хадисте Пайгамбарыбыз (Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) минтип айткан: «Конок келбеген ар бир үйгө периштелер да кирбейт».

Пайгамбарыбыз (Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун): «Ким Алла Таалага жана Кыямат күнүнө ыйман келтирсе, коногун сыйласын» — деп буюрган.

Булак: nasaat.kg