Нарын медресесинин кыздар бөлүмүнүн мугалимдери волейбол мелдеште 2-орунду алышты

Кечээ, 10-октябрда Нарын шаарында мугалимдердин кесиптик күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Ага Нарын районунун жана Нарын шаарынын мектептеринде иштеген мугалимдерден куралган 12 команда катышты.

Тайпалардын жеңүүчүлөрү жарым финалдык жана финалдык оюнда мыкты оюн көрсөтүшүп, күйөрмандарга кызыктуу оюн тартуулашты. Финалдык оюн Нарын медколледжи менен Нарын медресенин ортосунда өтүп, медколледжинин командасы артыкчылык көрсөтүп, атаандашын жеңип кетти. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орун үчүн Нарын шаарынын жана Нарын районунун командалары беттешип, Нарын районунун командасы жеңишти камсыз кылышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Нарын медколледжи, экинчи орунду Нарын медресеси жана үчүнчү орунду Нарын районунун командалары ээлешип, тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Мындан тышкары демөөрчү тарабынан ар бир командага футболка, гүл жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми мелдеште Нарын медресесинин мугалими Толгонай Жусупжанова  мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн атайын баалуу белек жана диплом менен сыйланды. Мелдештин баш байгеси 100 миң сомду түздү.