Майрамбек Маматов: «Дин кызматкерлери менен мамлекеттик кызматкерлердин жакындан пикир алмашуусу өтө чоң пайда берди»

Кечээ, 9-октябрда Бишкек шаардык казыятына караштуу «Чоюбек уулу Керималы» мечитинин имам хатиби Майрамбек Маматов Бишкекте имамдардын катышуусунда «Үй-бүлөнү ирээтештирүү» деген темада өткөн семинарга катышты.

Жыйынга КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов жана имамдар катышты.

Семинардын жүрүшүндө үй-бүлөгө тиешелүү ар кандай маселелер талкууга алынды.

«Дин кызматкерлери, имамдар жана мамлекеттик кызматкерлердин бир столдо отуруп, жакындан пикир алышуусу биз үчүн өтө чоң пайда болду. Биз дагы коомчулук арасында үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз»,-деди Майрамбек Маматов.