Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев  Муаз ибн Жабал медресесинин студенттери менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусундагы  иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы Муаз ибн Жабал медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерге «Илим алуу жана убакытты туура пайдалануу» темасында баяндама жасады.

Студенттер менен жолугушууда  Азирети Муфтийдин орун басары илим алуунун пайдасы жана азыркы мезгилде билим алууга түзүлгөн мүнкүнчүлүктөр туурасында  айтып, өлкө келечеги болгон жаштарга илим алуу эки дүйнөдө жарык берүүчү чырак экендигин белгилеп өттү.

Ошондой эле медресе көйгөйлөрүн угуп,  аны чечүү үчүн иш аракеттер жүргүзүүлөрүн айтты.