Кырк-Казык айылында аз камсыз болгон 15 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Бүгүн, 10-октябрда Талас районунун Кырк-Казык айылынын имам хатиби Мураталиев Малик  жана айылдын  кайрымдуу инсандары айыл ичиндеги аз камсыз болгон 15 үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты.

Кайрымдуулук иш-чарасы тамак аш түрүндө берилип, ар биринин үйүнө жеткирилди.

Ал эми баш имам хатиб мындай сооптуу иш-чара мындан ары да уланып тураарын кошумчалап, шериктеш болгон бир туугандарга ыраазычылыгын билдирди.