Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев бешим сабагын өткөрдү

Кечээ, 9-октябрда Талас шаарынын борбордук «Ааль аль Байт» мечитинде облус казысы Таалайбек ажы Бапиев бешим сабагын өткөрдү. Анда намаздын туура окулушу тууралуу айтып, анын паздары,  сүннөттөрү, мустахаб амалдары боюнча түшүндүрмө берди.

«Намазды туура так окуш керек,  эгер бир амалын калтырсаңар бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы бири калат. Мустахаб амал сүннөттү бекемдеп турат. Сүннөт парзды бекемдейт,  жеңил көрүп макүрү амалдарды, намазды жасабагыла. Намаз — бул биздин негизги ибадатыбыз»,- деди облус казысы.