«Азери» мечитинин имамы Кант шаарындагы «Кант» авиабазасынын кызматкерлерине лекция өттү

Кант шаарындагы «Азери» мечитинин имамы Мухаммад ажы Дугларов Кант шаарында жайгашкан «Кант» авиабазасында эмгектенген кызматчылардын суранычы менен аларга «Салттуу Ислам дини жана Ханафий мазхабы» боюнча лекция өттү.

Аталган лекция  суроо-жооп менен коштолуп, «Азери» мечитинин имамы Мухаммад ажы Дугларов ар бир берилген суроону жоопсуз калтырган жок.  Ал эми иш-чаранын соңунда мындан ары да ушул сымал лекцияларды  уюштуруп турууга «Кант» авиабазасын жетекчилиги менен макулдашылды.