Баткендеги «Муаз ибн Жабал» медресесинде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 10-октябрда Баткен шаарындагы «Муаз ибн Жабал» медресесинин кыздар бөлүмүндө мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чарага медресе мугалимдери жана студенттер катышты. 

Иш-чаранын  жүрүшүндө студенттер топторго бөлүнүп, көркөм окуу, макал-лактаптарды, каада-салтты сахналаштырып көрсөтүп беришти.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 2019-жылдагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамынын 30 жылдыгына карата  уюштурулду.