Самидин кары Атабаев: Тил инсанды бир эле сөз менен ыймандуу жана ыймансыз кылат

Мындай пикирин Ош облусунун Мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев бүгүн, 10-октябрда  Ош Облустук Мусулмандар казыятында облуска караштуу бардык райондордон келген айымдар үчүн уюштурулган жыйында билдирди.  Иш чарага облус казысы Самидин кары Атабаев, облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, казыяттын аялдар бөлүмүн жетекчиси Жамийла Жапашова катышты.

Иш чаранын негизги максаты тилдин маанилүүлүгү, диний экстеремизмдин алдын алуу жана Матурудий акыйдасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Тилди колдонууда аябай кылдат менен мамиле кылуу керек. Тил инсанды бир эле сөз менен ыймандуу кылат жана бир эле сөз менен ыймансыз кылат»,-дейт жыйын учурунда облус казысы Самидин кары Атабаев.

«Тилде акылды колдонууну мажбур кылган фразеологизм сөздөрүн да кездештирүүгө болот. Мисалы: Колу ачык адам десе, айрымдары чындап эле колу ачык экен деп түшүнүп калуусу мүмкүн. А бирок чыныгы мааниси берешен, жардам берүүнү жакшы көргөн адамды түшүнүүбүз абзел. Бир күнү бир падыша түш көрүп,түшүндө кызык иш көрүп, тиштердин баары төгүлүп калып бир эле азуусу калган экен. Эртеси түш жооругуч келип түшүн мындайча жооруйт: — Туугандарыңыздын баары өлүп акыры сиз өлөт экенсиз дейт. Ачуусу келген хан анын башын алдырып ийет. Дагы бир түш жооругуч келип, —  сиз туугандарыңыздын баарынан көп жашайт экенсиз дейт. Ал адам алтын менен сыйланган экен. Дал ушул окуялар бизге тилди колдонууда кылдаттык менен мамиле кылууга үндөйт»  —  деди облус казысы.

Ал эми облусу казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев динибиздин коомчулукка туура жетүүсүнө энелерибиздин салымы чоң экенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек аталган иш чара Ош облустук Мусулмандар казыятында биринчи ирет өттү. Эми бул саамалык ар бир айда өтүлүүсү пландалууда.