Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев мектеп окуучулары менен жолугушуп, аларды мекенди сүйүүгө чакырды

Кечээ, 9-октябрда Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы №5 орто мектебинин 9-10-11-класстарынын  окуучуларына ыйманга, илимге, адеп-ахлакка, мекенди сүйүүгө чакырган тарбиялык сабак өттү.

Тарбиялык саат учурунда облус казысы окуучуларды мекенди сүйүүгө жана ага кызмат кылууга чакырып, Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда экенин, жаштар канчалык ыймандуу, билимдүү  болсо мамлекет дагы өнүгөөрүн баса белгиледи.