“Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов ОшМУнун студенттерине адеп-ахлакка чакырган баяндамасын жасады

Бүгүн, 10-октябрда Ош шаарындагы борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов Ош мамлекеттик университеттиинин эл аралык мамилелер факультетинде “Адеп-ахлак” деген темада лекция окуду.

Иш-чара эң алгач окуучулардын жүрөгүн жибиткен “Энеке” аттуу видеоролик менен башталды.  Андан соң ата-энени сыйлоо, илимге болгон кызыгуу, жаштардын адеп-ахлагы туурасында баяндамасын жасады.

Эскерте кетсек, мындай иш-чара Ош шаарынын мэриясы жана Ош шаардык жаштар комитети менен биргеликте уюштурулду.