Ошто окуучуларды адептүүлүккө чакырган тарбиялык саат өттү

Бүгүн, 10-октябрда Ош шаардык казыятынын алдындагы “Имам аль-Бурахий-Алай”  мечитинин имамы Мырза кары Осмонов калаанын Туран муниципалдык аймагында жайгашкан №16 мектептин окуучулары менен жолугушуп, аларга “Адептүү адам абийир табат” деген темада тарбиялык саат өттү.

Тарбиялык саат учурунда эне тууралуу таасирдүү тасма көрсөтүлүп, аларга ата-энени сыйлоо, мугалимдерге урмат-сый көрсөтүү, билим алуунун зарылдыгы боюнча баяндамасын жасады.

Эскерте кетсек, мындай иш-чара Ош шаарынын мэриясы жана Ош шаардык жаштар комитети менен биргеликте уюштурулду.