Сабырдуулук

Аллах Тааланын бир сыпаты Ассабуур. Аллахтан өткөн сабырдуу эч ким жок, анткени пенделеринин ар кандай күнөөлөрүнө сабыр кылып, дароо эле жазасын бербейт. Пенде Аллахка шерик кошот, Анын баласы бар дешет. Бирок Аллах баары бир  аларга ден-соолук, ырыскы берүүнү улантып келет.

Куранда 90 аят сабыр жөнүндө келет.

Азирети Анас (р.а.) баяндайт: «Пайгамбар күндөрдүн биринде өлгөн баласы үчүн ыйлап жаткан аялга учураган эле: «Аллахтан корк жана сабыр кыл!» — деди. Аял күйүтүнөн анын ким экенин карабастан: «Менин башыма келгендердин сага эмне тиешеси бар?» — деди. Пайгамбар (с.а.в) ал жерден кеткенден кийин аялга жанындагылар «Бул Расулаллах болчу!» — дешти. Аял баласы өлгөнүнө кандай капаланса, пайгамбарга ачуу үстүндө айтып алган сөзүнө да ошондой капаланды. Кечирим суроо үчүн анын үйүнө барып: «Эй, Аллахтын элчиси! Сизди тааныбай оозумдан жаман сөз чыгып кетти, кечириңиз!» — деди. Анда Пайгамбар (с.а.в.): «Макбул (кабыл кылынган) сабыр кырсыка учураган алгачкы кездеги сабыр кылганың» — деп айтты.

«Сабыр балээнин алгачкы катаал учурунда».

 Хаббаб бин Арат (р.а.) баяндайт: «Аллахтын элчиси Каабанын көлөкөсүндө олтурган кезде биз ага барып мушриктердин кылгандарынан даттандык: «Бизге жардам кылбайсыңбы, бизге дуба кылбайсыңбы?»-дедик. Пайгамбар (с.а.в.) мындайча жооп берди: «Силерден мурдагы момундар кармалып, орго ыргытылып, анан араа менен башынын ортосунан арааланчу. Кээ бири бар эле, денесин темир тарак менен тарашып, денесинде эт менен сөөк эле калчу. Бул азаптар аларды дининен кайтара алган эмес. Аллага касам болсун, Аллах бул динди толуктайт. Ал ушунчалык даражада болот: бир жүргүнчү төөсүнө минип, Санадан чыгып, Хадрамавтка чейин барса да, Алладан башка эч кимден коркпойт, кайтарган кою үчүн бир гана карышкырдан коркот. Силер болсо шашылып жатасыңар»-деп сахабаларды сабырдуулука үндөдү.

Усама бин Зайд (р.а.) баяндайт: «Пайгамбарыбыздын кызы Зейнеп атасына бирөөнү жөнөтүп: «Уулум өлүм алдында, акыркы демин берээрде жанында бол!» — деп суранды. Пайгамбар (с.а.в.) келген адамды артка кайтарып жатып: «Саламымды жолдо жана муну эстет: «Алганда Аллах, берген да Аллах. Бардык нерсенин Анын жанында белгилүү бир ажалы бар. Сабыр кылсын жана Алланын сабыр кылгандарга берген сыйлыгын ойлосун!».

» قُلْ يعِبَادِ الَّذِ ينَ ءَامَنُوا اتَّقُوا رَبَّكُمْ لِلَّذِينَ أحْسَنُوا فِي هذِهِ الدُّنْيَا حَسَنَةٌ وَأرْضُ اللهِ وسِعَةٌ

إنَّمَا يُوَفَّى الصَّبِرُونَ أجْرَهُمْ بِغَيْرِ حِسَابٍ «

«(Эй, Мухаммед!) «Менин ыйман келтирген пенделериме: «Эгеңерден корккула!  Бул дүйнөдө жакшылык кылгандарга – жакшылык бар.  Алланын жери кенен. Чындыгында, сабыр кылуучуларга  сыйлыктары  эсепсиз (өлчөөсүз) берилет»,–деп айткын».  (Зумар 10)

Анас (р.а.) баяндайт: «Абу Талханын бир баласы ооруп калды. Акыры Абу Талха үйдө жок кезде кайтыш болду. Ал баланын өлгөнүн билген эмес. Аялы баланын өлгөнүн көргөндө, керектүү даярдыктарды кылды, андан кийин баланы коргондун бир четине койду. Абу Талха кечинде үйгө келип: «Бала кандай болуп калды?»-деп сурады. Аялы: «Тынчып калды, эс алып жатат деп ойлоймун» — деп туңгуюк жооп берип койду. Абу Талха аялын чын айтып жатат деп ойлоп калды. Анан аялы кечки тамакты алып келет. Төшөгүн салат. Анан күйөөсү үчүн жасалгаларын тагынат да күйөөсү менен кантнашта болот. Таң атканда Абу Талха гусул кылды. Үйдөн чыгарда аялы баланын өлгөндүгүн кабарлады. Абу Талха мечитке барып багымдат намазын окугандан кийин аялынын кылгандарын Аллахтын элчисине төкпөй-чачпай айтып берди. Пайгамбар (с.а.в.) аны уккандан кийин: «Аллах түнүңөрдү силер үчүн берекелүү кылсын»-деп дуба кылды. Анан Аллах аларга тогуз бала берди, баары тең Куран жаттаган каары болушту.

Касым бин Мухаммад баяндайт: «Аялым кайтыш болгон эле. Мага Мухаммад бин Каьб Аль-Курази көңүл айтуу үчүн келди. Анан муну айтты: «Бани Исраилде факих, аалым бир киши бар эле. Анын абдан жакшы көргөн аялы кайтыш болот. Аялынын өлүмүнө ал аябай кайгырды. Ушунчалык кайгыргандыктан, бир бөлмөгө бекинип алып, жанына эч кимди жолоткон жок. Анын бул абалын Бани Исраилден бир аял угту. Үйүнө келип сырттагы адамдарга «Менин аны менен жеке маселем бар аны өзүнөн гана сурашым керек»-деди. Турган эл кетип тарады. Аялдын кирүүгө суранычы кабыл кылынды. Аял аалымга карап: «Мен кошунамдан убактылуу жасалга сурап алган элем. Аны белгилүү мөөнөткө чейин колдондум. Анан аны менден сураганы келишти. Мен аны кайра берейинби?» Киши «Ооба, Кудай акы, кайра беришиң керек!»-деп жооп берди. Аял: «Бирок жанымда көпкө чейин калгандыктан, мен аны абдан жактырып калдым»-дейт. Киши «Сен аны барибир кайра кайтарып беришиң керек, анткени сен аны убактылуу алгансың да» — дегенде ушул эле жоопту күтүп турган аял темирди кызуусунда басып: «Кудай жакшылыгыңды берсин! Сен Алланын сага оболу убактылуу берип, анан кайра алган нерсесине кайгырып жатасыңбы? Ал берген нерсесине сага караганда көбүрөөк акылуу эмеспи?» Киши бул насааттан кийин ойлонуп, өзүнө келди.

Урба бин Узайр (р.а.) буту катуу ооруп доктор текшерип көрүп бутуңду кесүү керек наркоз берип кесебиз дейт анда узайр наркоздун кереги жок мен намазга турганда кесип салгыла дейт…….

Сабырдын түрлөрү:

  1. Башка түшкөн оор сыноолорго сабыр кылуу;
  2. Күнөөлөргө сабыр кылуу;
  3. Аллахка болгон ибадатта сабыр кылуу;

Жашоода аялыңдын  ар кандай сөздөрүнө сабыр кылуу.

Имам Куртубийдин аялы өтө начар болот ага элдер сизге ашык болгон аялдар көп ажырашып башка сулуу, жакшы аядарга үйлөнбөйсүзбү? деп айткан учурда ал аларга: «Эгер мен аны менен ажырашсам ал башка дагы бирөөгө турмушка чыгат, мен башкалардын кайгы-капага түшүүсүн каалабаймын. Андыктан менин ишим сабыр кылуу».

Бир киши өтө түрү суук аялга үйлөнөт аялынын суранычы аркылуу аны менен 15 жыл жашайт. Ал өлгөндөн кийин гана башка аялга үйлөнөт.

Бул жөнүндө Ибну Каййум айткан: «Бул эркектин иши».(мындай кылуу эркектин гана колунан келет) деп айткан.

Пайгамбарыбыздын аялдарынын ичинен тамакты эң даамдуу жасаган Сафиййа аттуу аялы бар эле. Пайгамбар аны дайыма мактачу. Күндөрдүн биринде Айша энебиздин үйүндө Сафиййа энебиз тамак часап аны Айша энебиз пайгамбардын жанына көтөрүп келе жатып колунан таштап жиберет. Пайгамбарыбыз себебин билсе да унчуккан жок. Бир аздан кийин Айша энебиз кылган ишине аябай өкүнүп, пайгамбарга келип «Эй Аллахтын элчиси бул ишимдин жазасы эмне?»- деп сурады. Пайгамбар (с.а.в.) ага: Сынган табактай табак, чачылган тамактай тамак» — деп гана жооп берип койду. Ал Айша энебизге жетишээрлик сабак эле.

Балдарыңдын кыял-жоруктарына сабыр кылуу.

 Пайгамбар (с.а.в) намаз окуп жатканда саждага барган кезде неберелери Хасан жана Хусейин пайгамбарыбыздын үстүнө чыгып алышаар эле. Бирок пайгамбарыбыз алар үстүнөн түшкөнгө чейин саждадан башын көтөрчү эмес.

Соода-сатыктагы сабырдуулук.

Албетте колунда бар, бай ар бириңиздерден сурап көрсөм бул байлыка кантип жетиштиңиз десем сиз жооп бересиз өтө оор машакаттар менен, кыйынчылыктарга сабыр кылуу менен. Туура айтасыз Аллах Таала сиздин күжүрмөн аракетиңиз жана кыйынчылыктарга сабыр кылууңуздун себебинен колуңуздагы байлыктарды берди. Ал эми ким сабырсыздык кылып, туруксуз болсо дагы деле эч нерсеге жетише албай жүрөт.

Жакырчылыка сабыр кылуу.

 Аллахтын эң сүйүктүүсү, пайгамбарлардын төрөсү болгон, баардыгыбыздын арзып күткөн мекенибиз болгон Бейиштин дарбазасына аты жазылган пайгамбарыбыздын (с.а.в.) үйүндө бир айлап казанына от жагылчу эмес.

Илим алуудагы сабы.

Кыргыз элинин даанышмандары айткандай:  «Илим алуу ийне менен кудук казгандай» — оор жана сабырдуулукту талап кыла турган нерсе. Эгер илим алуучу сабырдуу жана туруктуу бобосо эч качан илим ала албайт.

Сабыр» сөзү менен «Сабир чөбү –кактус» бир уңгудан келет. Сабир чөбү уудай ачуу болот. Медицинада дары жасоодо колдонулат. Мына сабыр ушул сабир чөбүн иче турганчалык ачуу. Ал эми натыйжасы ар дайым таттуу болот.

Кыргыз элинде жакшы бир сөз бар: «Сабырдын түбү сары алтын».

Сабыр кылуу, бел байлоо, бекем туруу, күнүгө уулуу окуяларды көкүрүккө сактоо албетте, оңой иш эмес. Бирок булардын баарысы кырсыктын алгачкы учурунда кылынышы керек.

Сабырдуулука жардам берүүчү аракеттер:

 Жерди өзгөртүү. (башка атмосферага баш калкалоо аркылуу болот).

  1. Абалды өзгөртүү «туруп турган болсок, отуруп, отурган болсок, туруп, же кылып жаткан ишибиздин абалын өзгөртүү, мисалы: даарат алуу, намаз окуу, же жок эле дегенде сүйлөшүп жаткан теманы өзгөртүү).
  2. Бир аз уктоо шокту өткөрүп жиберүүгө жетиштүү болот.

Эгер адам баласы Аллах Таала берген сабыр кубатын шек күмөн жолуна сарптап жибербей туура пайдалана турган болсо, бардык кырсыка жетиштүү келет. Шек күмөндүн басмырлоосу, адам баласынын кайдигерлиги жана жалган жашоону түбөлүк деп ойлоп алуусу сабыр күчүн өткөн чак менен келечеке таратып, учурдагы кырсыка сабыры жетпей, даттана баштайт. Анткени өткөн ар бир күн, эгер кырсык болсо, машакаты бүтүп, ырахаты калды, кайгысы кетип, артында лаззаты калды жана акыретте ала турган эсепсиз сообу калды. Мында даттануу эмес балки шүгүр кылуу керек.

Бирок келечек күндөр болсо, али келбегенден кийин, көрө турган оору, же кырсыкты азыртан эле ойлой сабырсыздык кылуу, даттануу – акылсыздын иши.» Эртең, же бүрсүгүн ачка калам, суусаймын»-деп бүгүн өтө көп жеп-ичүү – кандай гана акылсыздык болсо, келечек күндөрдөгү, азыр жок болгон кырсык менен ооруларды ойлой азыртан эле капалануу, кайгыруу, сабырсыздык кылуу бул да акылсыздык болуп эсептелет.

Сөздүн жыйынтыгы, шүгүр кылуу нээматты көбөйткөндөй эле даттануу да мусуйбатты, кырсыкты көбөйтөт.

Материалдык кырсыктарды чоң деп эсептеген сайын чоңойот, кичине деп санаган сайын кичирейет. Маселен: ызылдаган аарыларды корунуп чапкылаган сайын, ого бетер күчөп кол салуулары, реакция кылбай жай турса, тарап кетүүлөрү сыяктуу.

Бир оорулуу адам оруусунан даттанып аалымга келет. Алым анын оорусунан даттанганын эринбестен уккандан кийин: «Урматтуу бир тууганым, сага дуба кылгыдай мен орууңдун эч жаман жагын көрбөй турам. Анткени инсан оору учурунда ибадаты калыс болот. Пайгамбарыбыздын хадистеринде келгендей ооруу учурунда кылынган ибадаттын сообу да артык экенин баяндаган. Андыктан Аллах Таалага кандай абалда болбо шүгүр айтууң керек» — деп жооп берет.

Пайгамбар (с.а.в) дын өтө сабырдуулугу. Күндөрдүн биринде бир  (чөлдө жашаган) мечиттин бир четине сара кыла баштайт. Аны көргөн сахабалар аябай ачууланып ошол жерде анын жазасын берүүгө шашылышты. Пайгамбар (с.а.в.) сахабаларына жөн койгула ишин бүтүрүп алсын жеңилдик көрсөткүлө, жеңилдик!

Билбегени үчүн үйрөнүүгө муктаж экенин билдирип жатат. Үйрөткүлө, түшүндүргүлө, момунтип эле кыйкыра бербегиле!-дейт. Кийин пайгамбар (с.а.в.) аны өзүнө чакырып акырындык менен, сылык-сыпаа кылган ишин туура эмес экендигин түшүндүрөт. Бул насаатты уккан аьрабий «Аллах Бейишке өкөөбүздү гана киргизсин башкаларды киргизбесин дейт. Пайгамбар ичинен аябай ачууланса да, капаланса да ага карап: «Сен учу кыйырсыз бир жерди абдан тар бир алкактын ичине алдың, — деп жылмаят.

Али (р.а.) айтат: «Сабыр ыйманда денедеги баш сыяктуу».

Жунайди Багдадий: «Сабыр – ачууну жүзүңдү тырыштырбай ичүүң тактап айтканда даттанбастан, жаман көрбөстөн келген балээге чыдооң».

Зиннуни Мисри: «Сабыр – терстиктен тартынуу, балээлердин ачуусун татып жатып токтоо болуу, жарды жашоого туш болгондо, бай сыяктуу болуп көрүнүү».

Уламалар мындай дешкен:

«Сабырдын өзү ачуу, бирок мөмөсү таттуу».

Кабыр азабы –Сабыр

Язиди Раккаси мындай дейт: «Кул кабырга киргенде окуган намаздары оңунан, берген зекеттери солунан жыйналат. Кылган жакшылыктары анын көлөкөсү сыяктуу артында болот. Кылган сабыры болсо ага көкүрөк керип, башка коргоочуларга: «Эгер аны коргой алсаңар, кеп жок, эгер коргой албасаңар, ордуңарды мага калтыргыла, аны азаптан куткарайын»-дейт.

Акырындап болгон иш Рахмандан. Шашуу шайтандан. Иттин алдына бирдеме ыргытсаң, оболу жыттап көрүп, анан жейт, а адамчы? Ит мурду менен жыттайт биз болсо акылыбыз менен. Аллах Таалада жер менен асманды алты күндө жаратты. Болбосо «Кун!» (бол) деп эле койсо асман менен жер заматта жаралып калмак. Аллах бул иштер менен пендени акырындык менен сабырдуулук менен өмүр сүрүүбүздү түшүндүргүсү келгендей.

Сабырдуулук машинанын тормозу сыяктуу 120 менен баратсаң бир кудукка жолуксаң мүмкүн болушунча тормозду басканыңдай жашоодо ар кандай кудук сыяктуу күнөөлөргө кезигип калууң мүмкүн.