Бисмилла сөзүнүн артыкчылыгы

Салиха бир аялдын мунафык, караңгы-түркөй бир күйөөсү бар эле. Ал аял Бисмиллахир рахмаанир рахиим деп айтпастан эч бир ишти баштачу эмес. Күйөөсү анын бул абалына ачууланып, абдан кыйначу. Аялы болсо күйөөсүнүн бул кылык-жоруктарына сабыр кылып, анын туура жолго келүүсү үчүн Аллага дуба кылчу. Күйөөсү бир күнү жини өтө кайнап, аялын кыйнаш үчүн шылтоо издей өзүнчө: «Мобуга бир тузак салайын, көрөлү ким куткарат экен?» -деп күбүрөндү. Аялын чакырып бир кесе алтын берип: «Мобуну жакшылап кат! – деп буйруду. Аялы күйөөсүнүн буйругуна баш ийе бисмиллани айтып кесени жашырды. Күйөөсү болсо аны жашыруун карап турган эле. Анан аялына айтпай туруп кесени каткан жерден алып алды. Ичиндеги алтындарды алып кесени кудука ыргытып жиберди. Арадан көп өтпөстөн аялын чакырып: «Сага берген бир кесе алтынды алып кел! – деди. Аялы кесени каткан жерге барып бисмиллахир рахманир рахиим» — деп колун сунду. Ошол учурда Аллах Тааланын кудурети менен кесе алтын толо өз ордунда турган эле. Кеседен суу тамчылап турган болчу. Аял кесенин эмне үчүн суу экенине түшүнө албай күйөөсүнө алып келет. Күйөөсү ичи алтын толо кесени көргөн кезде абдан таң калып, аялынын айткандары канчалык туура экендигин түшүндү.

Анан аялына: Сага абдан зулумдук кылдым, мени кечирип койчу! – деп жалбара Аллага тооба кылды. Мына ушул күндөн баштап ибадаттарын толук кылган кишиге айланды. Дубаларында: «Я Рабби! Мага дүйнөм жана акыретим үчүн кайырдуу, салиха бир аялды жубай катары бергениң үчүн, сага татыктуу түрдө шүгүр кылуудан алсызмын, мени кечир, Аллахым….».

Салиха аял болсо: «Я Рабби! Сага шүгүрлөр болсун: дубамды кабыл кылып, күйөөмдү салих кылдың»-деп дуба кылчу.