Илгери бир бала медреседе окучу. Кожолордон сабак алып үйрөткөндөрүн үйрөнүүгө аракет кылчу. Бирок башы анча иштечү эмес. Бардык кылган аракеттерине карабастан эч нерсе үйрөнө албайт. Окууну да анча жакшы көрчү эмес. Курбулары эбак андан ашып кеткен эле. Ал болсо дагы эле бир жыл мурунку китептерди окууда. Бала бир күнү мындайча чечимге келди : «Менин башым иштебейт. Зээндүүлүгүм аз. Андыктан окуй албаймын. Андан көрө айылга барып жер иштеткеним жакшы эмеспи….?». Ушул ниет менен жолго чыкты. Бир жерге келгенде күн ысып, чарчай баштады. Жолдун четинде бир үнкүр бар эле, бирок кирүүдөн коркту. Үнкүрдүн ичи серүүн экенин билчү. Кирейин деп ойлоду бирок, аюу болуп калсачы? Акыры ысыктыка чыдабай, эмне болсо да үңкүргө кирүүнү чечти. Кадамын жай шилтей киргенде, корккон нерсеси жок экендигине абдан сүйүндү. Бир бурчта буттарын суна отура кетти. Анан көзү үнкүрдүн шыбынан тамчылаган сууга чалып калды. Шыптан акырындап тамчылаган тамчылар ташты оюп салган эле. А чынында таш абдан катуу эле. Суу тамчысы болсо жумшак. Жумшак суу тамчысы кантип катуу ташты теше алууда? Дароо эсине бир нерсе келе түштү. Жумшак суу тамчысы көптөгөн жылдар бою тамчылап отуруп, ташты ойгон. Бул боюнча өзү да туруктуулук менен сабагын окуп, мугалимдерин укса, акырындап башына бир нерсе кирмек. «Менин башым бобул таштан да катуу болбосо керек…..?» — деп күбүрөндү. Туруктуулук менен сабырдуулук жашоодо өтө маанилүү. Мобул суудай сабырдуу болуу. Ошондо гана китептердеги маалыматтарды түшүнө алмак. Дароо ордунан туруп, кайра артка медресесине жөнөдү.Кажыбас кайрат аракети менен акыры курбуларын кууп жетти. Атүгүл баарынан ашып кетти. Акыры ушундай аалымга айлангандыктан анын китептери дагы эле окулууда. Бул себептен улам «Таштын уулу» деген мааниге келген «Ибнуль – Хажар» деп аталды.