Ордо калаадагы «Ас-Сабур» мечити кеңейтилүүдө

Бишкек шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Ас-Сабур» мечитине кошумча орундар жасалууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда аталган мечиттин имам хатиби Талгатбек ажы Эркинбек уулу билдирди. Анын айтымында мындай муктаждык жума намазга келген жарандардын батпай калуусунан улам пайда болгон.

«Биздин мечиттин жамаатынан чыккан азаматтар мечитке жакшы иштерди жасап жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин даараткана оңдолуп, мечиттин көп жери оңдоп-түзөөдөн өттү»,-деди Ас-Сабур» мечитинин имамы