Мырза кары Осмонов: Жаштар ыймандуу болсо коомубуз оңолот

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары  Осмонов ОшМУнун  Кыргыз-Кытай  факультетинде окуган студенттерге “Адеп-ахлак” туурасында баяндама жасап берди.

Аталган иш-чара “Энеке” аттуу видеороликти көрсөтүү менен башталып, андан соң ата-энени сыйлоо, илимге болгон кызыгуу, жакшы адеп-ахлак туурасындагы кептер козголду.

“Жаштар ыймандуу болсо коомубуз оңолот. Андыктан биз өсүп келе жаткан муунга туура багытты көрсөтүп, улууларды урматтоого, терең билим алууга жана мекен үчүн чың дилден кызмат кылууга чакырышыбыз керек”,-деди өз баяндамасында Мырза кары  Осмонов.

Эскерте кетсек, бул иш-чара Ош шаардык мэриясы, шаардык жаштар комитети жана борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары  Осмонов менен биргеликте уюштурулган.