Пайгамбарыбыздын (САВ) кичипейилдиги

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кийимин тигет эле, бут кийимин жамайт эле, коюн саайт эле, кулдар менен тамактанат эле, жерге отурат эле, базарга барып үй-бүлөсү үчүн соода-сатык кылуудан уялбайт эле. Бай менен да кедей менен да кучакташып учурашат эле. Учурашкан мезгилде тиги адам колун тартып алмайынча, колун тартып албайт эле. Алдынан чыккан байга да, кедейге да, кичинеге да, чоңго да озунуп салам айтат эле. Куураган курмага чакырса да баш тартчу эмес. Отуруп алган адамдардын аягына барып отурчу жана ушундай кылууга буйручу. Отургандардын баарына бирдей мамиле кылгандыктан, алар бири-биринин артыкчылыктарын сезишпейт эле. Сурагандын колун куру кайтарчу эмес, же жылуу-жумшак сөзүн айтчу. Адамдар анын мүнөзүнө суктанышат эле. Ал адамдарга ата болчу, анын алдында адамдардын баары бирдей эле, алар такыбалыкта гана айырмаланып турушчу.

روى البخاري في صحيحه من حديث الأسود قال: سألت عائشة رضي الله عنها ما كان النبي صلى الله عليه وسلم يصنع في أهله؟ قالت: كان في مهنة أهله، فإذا حضرت الصلاة قام إلى الصلاة». رواه البخاري

Асвад (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Ааиша энебизден (Аллах андан ыраазы болсун) «Аллахтын элчиси үйдө эмне жумуш кылат?» — деп сурашканда, ал: «Ал ар дайым үй-бүлөсүнүн кызматын кылат. Ал эми намаз убактысы келгенде мечитке жөнөйт» — деп айткан. (Бухарий).

وعن أنس بن مالك رضي الله عنه قال: إن كانت الأمة لتأخذ بيد رسول الله صلى الله عليه وسلم، فتنطلق به حيث شاءت. رواه البخاري

Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Эгерде кайсы бир күң Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) колунан жетелеп кетсе, анда ал каалаган жагына бара бермек». (Бухарий).

وقال رسول الله صلى الله عليه وسلم للصحابة عند موته: «لا تطروني كما أطرت النصارى عيسى ابن مريم؛ فإنما أنا عبد الله ورسوله» رواه البخاري

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өлүм алдында сахабаларына кайрылып: «Христиандар Иса пайгабарды аша чаап мактагандай мени мактабагыла. Мен Аллахтын кулу жана элчисимин» — деп айткан.

وكان النبي صلى الله عليه وسلم يدعى إلى خبز الشعير «والإهالة السنخة». رواه أحمد.

الإهالة: الدَّسَم الجامد، والسَّنِخة المتغيرة الريح

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) арпанын нанына да, катып жыттанып калган бир кесим майга да чакырылат эле. (Ахмад).

وكان النبي صلى الله عليه وسلم يزور الأنصار ويسلم على صبيانهم ويمسح رؤوسهم. رواه النسائي .

Пайгамбарыбыз (Аллах андан ыраазы болсун) Ансарларды зыярат кылат эле, алардын жаш балдарына салам айтып, башынан сылайт эле. (Нисаий)

وكان النبي صلى الله عليه وسلم يأتي ضعفاء المسلمين ويزورهم ويعود مرضاهم ويشهد جنائزهم. رواه الحاكم

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кедей мусулмандарды зыярат кылып, оорулардан кабар алып, кайтыш болгондордун жаназасына турат эле. (Хаким).

يقول رسول الله صلى الله عليه وسلم: «إن الله أوحى إليّ أن تواضعوا حتى لا يفخر أحد على أحدٍ ولا يبغي أحد على أحد» أخرجه مسلم

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: «Аллах Таала мага силерди бири-бирине мактанбай турган, бири-бирине бой көтөрбөй тургандай кичипейил болууңарды вахий кылды». (Муслим).

                                                               Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Сабырдуулугу

قال الله تعالى: (( وَاصْبِرْ وَمَا صَبْرُكَ إِلاَّ بِاللّهِ وَلاَ تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَلاَ تَكُ فِي ضَيْقٍ مِّمَّا يَمْكُرُونَ * إِنَّ اللّهَ مَعَ الَّذِينَ اتَّقَواْ وَّالَّذِينَ هُم مُّحْسِنُونَ ))

Аллах Таала айткан: «Сабыр кыл. Сабыр кылууң — Аллахтын колдоосу менен гана. Аларга кейибе, алардын бузукулугуна кыжаалат болбо. Чындыгында, Аллах — такыбалар жана жакшы иштерди аткаруучулар менен бирге!» (Нахл, 127-128-аяттар.

عن أبي عبد الرحمن عبد الله بن مسعود رضي الله عنه قال كأني أنظر إلى رسول الله صلى الله عليه وسلم يحكي نبيًّا من الأنبياء صلوات الله وسلامه عليهم ضربه قومه فأدموه وهو يمسح الدم عن وجهه يقول اللهم اغفر لقومي فإنهم لا يعلمون. متفق عليه

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бетинен аккан канын арчып: «Оо, Аллахым, менин коомумду кечир, анткени алар билишпейт» — деп дуба кылган.

وعن أبي سعيد بن مالك بن سنان الخدري رضي الله عنهما أن ناسًا من الأنصار سألوا رسول الله صلى الله عليه وسلم فأعطاهم، ثم سألوه فأعطاهم حتى نفد ما عنده فقال لهم حين أنفق كل شيء بيده ما يكن من خير فلن أدخره عنكم، ومن يستعفف يعفه الله، ومن يستغن يغنه الله، ومن يتصبر يصبره الله، وما أعطى أحد عطاء خيرًا وأوسع من الصبر. متفق عليه

Абу Саьид бин Малик бин Синан ал Худрий (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Ансарлардан бир топ адамдар Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) суранып келгенде, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аларга колунда болгон нерсесин берет. Кийин дагы сурап келишет, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) колунда болгонун дагы берет. Качан гана аларга бергидей эч нерсе калбаганда, аларга кайрылып: «Колумда бар нерсени силерден аябайм. Ким сурануудан таза босо, Алла Таала аны сурантбайт. Ким каниет кылса Алла Таала аны каниеттүү кылат. Ким сабыр кылса, Аллах сабырдуулук берет. Адамдарга сабырдуулуктан өткөн жакшылык берилген эмес» — деп айткан.

 

Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүмү