Муфтияттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошев менен жолугушту

Бүгүн, 13-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Баткен облустук казыятынын маалымат бөлүмүнүн ишемердүүлүгүн жеринен танышуу максатында жүргүзүлгөн иш сапарында Баткен районунун имам хатиби Муса ажы Жолдошев менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Муса ажы Жолдошев хатибиятта жүрүп жаткан иш-чаралар менен  тааныштырып, мечиттерди каттоо, анын тазалыгына көңүл буруу, имамдардын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Ал эми КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев ар бир райондун имам хатибинин соцтармактагы расмий баракчасын ачып, имамдардын ишмердүүлүгүн коомчулука жеткирүүнү күчтөндүрүүгө чакырды. Ошондой эле ар бир баш имам хатиб, элет жергесиндеги дин кызматкерлери облустук казыят менен тыгыз кызматташуусу керек экендигин айтып, райондун баш имам хатибинин ишине ийгилик каалады.