Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев Өзгөн районунун баш имам хатибинин ишмердүүлүгүн текшерип, хатибияттын имаратынын курулушу менен таанышты

Кечээ, 12-октябрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, облус казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев Өзгөн районуна болгон иш сапарында райондун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев жана  шаардын жооптуу имамы Хоринов Махаммадаюб менен жолугуп, хатибияттын ишмердүүлүгүн жеринде текшерди.

Муну менен катар облусу казысы экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, коомчулукка Ислам дининин асыл баалуулуктарын туура жеткирүү, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, хатибияттын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана имамдардын жоопкерчилигин күчөтүү керектигин билдирди.

Ошондой эле облус казысы  райондун баш имам хатибин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барууга чакырып, өзгөчө өспүрүмдөр арасында өз жанына кол салуу, уурулук, рекетчилик сыяктуу терс көрүнүштөрдү болтурбоодо түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин билдирип, хатибият кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди.

Ушул эле күнү облусу казысы Өзгөн райондук хатибиятынын имаратынын курулушу менен таанышып чыкты.

«Хатибияттын имараты 2 кабаттан болуп, 20 бөлмөнү камтыйт. Райондук жана шаардык дин кызматкерлерин бириктирүүчү бул имараттын курулуш ишин  аягына чыгуу үчүн болгон күч аракетибизди сарптап жатабыз»- деди облус казысы Самидин кары Атабаев.