Абдирайым каары Атабаев: Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө 5 бөлмөлүү үй куруудабыз

Ош облустук мусулмандар казыятынын алдындагы имам Бухарий Ислам институтунун ректору Абдирайым каары Атабаев Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабев жана облус казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаевдин катышуусунда Өзгөн районунун МырзаАке айыл өкмөтүндөгү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген  үй-бүлөгө турмуш тиричиликке керектүү болгон килем, төшөк жана жылыткыч тапшырды.

Муну менен катар имам Бухарий Ислам институнун ректору облус казысына бул үй-бүлө үчүн турак жай курулуп жаткандыгын айтып, ал демөөрчүлөр тарабынан каржыланууда.

«Бул үйдөгү агабыз биринчи топтогу майып. Биз аларга жардам берүүнү туура көрдүк. Быйыл кыштан чыгып алсак , келээрки жылы  5 бөлмөлүү жаңы турак жай куруп берүүнү пландап жатабыз. Азыр үйдүн фундаменти куюлуп бүттү»–деди  Абдирайым каары Атабаев.