Ак-Талаанын баш имам хатиби жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен 19 билим берүү мекемесине барып, терс диний агымдар жана ата-энени сыйлоо боюнча маалымат берди

Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Жайдарбек Сыдыков, МУКК, ИИМ, Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Жаныбек ажы Жээнбеков жана Нарын казыятынын кызматкери Эрик ажы Молдокуловдун катышуусунда 18 мектеп жана 1 кесиптик лицейде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул күнү катышуучулар жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, маданияттуулукка чакыруу керектигин ата-энелерге түшүндүрүшүп, билим алууга көңүл буруу маанилүү экендигин эскертишти.

«Окуучуларга жолуккан мезгилде ата-энени сыйлоого көңүл буруу керектигин түшүндүрсөк, ал эми ата-энелерге балдардын тарбиясы, билими жана чөйрөсүнө көңүл буруу керектигин айтуудабыз. Себеби жаштарыбыз оңолсо коом оңолот, мамлекетибиз өнүгөт»,-деди Ак-Талаа районунун баш имам хатиби.