КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Баткен облусунун казысы менен жолугушуп, имамдардын маалыматтык базасын жакшыртуу жаатында пикир алышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Баткен облусуна жасаган иш сапары алкагында облустун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов менен жолугушуп, казыяттын ишмердүүлүгү, имамдардын маалыматтык базасын жакшыртуу жаатында пикир алышты.

Жолугушууга облус казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров жана казыят кызматкерлери катышты.

«Бүгүн технологиянын доору болгондуктан биздин дин кызматкерлери бул боюнча сөзсүз кабардар болуусу керек. Биз дин кызматкерлеринин маалыматтык базасын жакшыртып, заманбап технологияларды үйрөтүшүбүз маанилүү»,-деди Максат Атабаев.

Ал эми облус казысы казыяттын маалыматтык техникалык базасы жакшырып жаткандыгын айтып, бул жаатта бир топ өзгөрүүлөр бар экендигин кошумчалады.

«Муфтияттын жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен заманбап техникалык жабдыктар алынууда. Казыяттагы компьютерлер толугу менен жаңыланып, учурда аймактагы хатибияттарыбызды колдоого алууну пландап жатабыз. Ал эми элеттеги имамдарыбыздын маалыматтык басазын бекемдөөдө окутууларды, семинарларды жана тренингдерди уюштуруу планыбыз бар»,-деди облус казысы.