Нарын районунун баш имам хатиби Казан-Куйган айылынын окуучуларына билим туурасында лекция окуп, айыл эли менен жолугушту

Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек ажы Орозалиев Казан-Куйган айылынын Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 8-9-10-11-классынын окуучулары менен жолугушту. Жолугушуу лекциялык сабак түрүндө өтүп, баш имам хатиб  ыймандуулук, илим-билим, таалим-тарбия туурасындагы маалыматтарды айты берди. Иш-чарага мектептин мүдүрү Асылбеков Казыбек Эсенгулович катышып, ар бир эки жума сайын Кумарбек ажы Орозалиев менен ушундай тарбиялык негиздеги сабактарды уюштуруп туруу демилгесин көтөрдү.

Андан соң Нарын районунун баш имам хатиби айыл тургундары менен жолугушуп, элдин ынтымагы менен биримдиги, достук мамиле, улууну урматтоо жана кайрымдуулук иштерин жасоо темасында баяндама жасады.