Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургундары Нарын медресесине үшүр жыйнап беришти

Күздүн кирип келиши менен Ат-Башы районунун Казыбек айылынын жергиликтүү тургундары Нарын медресесин колдоо максатында өз ыкыяры менен күзгү түшүмдөн үшүр жыйнап беришти. Нарын медресесинин мүдүрү Жакыпов Баатырбек жана медресенин студенттери аталган айылга барышып, кайрымдуулук кылган тургундардын берген түшүмдөрүн жыйнап келишти. Үшүрдүн көпчүлүгү картошка болгондуктан ал азыктар Нарын медресесинин студенттеринин тамак-ашына керектелмекчи.

«Үшүрүн берип, милдетинен кутулган жана кайрымдуулукка умтулган замандаштарга ыраазычылык билдиребиз!»,деди Нарын медресесинин мүдүрү.