Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыков райондун баш имам хатибдеринин жылдык отчетун укту

Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыков райондун баш имам хатибдерин кабыл алып, алардын жыл ичинде аткарган иштеринин отчетун укту.

Отчеттук жыйында облус казысы  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан келген буйруктардын аткарылышын текшерип чыкты. Муну менен катар жыйында мечиттердин тазалыгы жана каттоосу, мечиттердин кышка даярдыгы, имамдардын илим-билими, кайрымдуулук иштердин жасалуусу, коомчулук менен биргеликте аткарылган иштер каралды.

Ал эми облус казысы коомчулук менен тыгыз байланышта иш алып барууну активдештирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү, жардамга муктаж кары-картаңдарды кароо  боюнча райондун баш имам хатибдерине бир катар тапшырмаларды берди.