Баткен облусунун имамдарына окуу семинары өткөрүлдү

Кечээ, 14-октябрда Баткен облусунун казыятынын жыйындар залында Баткен облусунун имамдарына окуу семинары өткөрүлдү.

Окуу семинары элеттеги дин кызматкеринин маалыматтык базасын жогорулатуу жана аймактардагы Казыяттын маалымат кызматкерлеринин ишин текшерүү максатында уюштурулду.

Иш-чарага Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов шаардык, райондук баш имам хатибдери, айыл имамдары, казыят кызматкерлери катышты.

Семинар учурунда КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев дин кызматкерлеринин маалымат чөйрөсүндө социалдык тармактар менен иштөөсү жана журналисттердин басма сөз каражаттарына карата сурамжылоосу тууралуу окуу семинарын өткөрдү.

Соңунда имамдар окуу семинары пайдалуу болгонун, мындай тренингдерди райондук деңгээлде дагы уюштуруу керектиги боюнча сунуштарын беришти.

Эскерте кетсек, аймактарды Казыяттардын маалымат кызматкерлерин ишмердүүлүгүн жеринен таанышуу жана имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча окуу семинары эми Чүй облусунда өткөрүлмөкчү.