КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Баткен облусундагы ЖМКнын жамаатына сыйлыктарды тапшырды

Кечээ, 14-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Баткен облустук казыятына жасаган иш сапары алкагында Баткен облусунда иш алып барган жергиликтүү Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясында, “Салам Медиа” радиосунда, “Өрүкзар” коомдук-саясий гезитинин редакциясында болду.

Аталган ЖМКнын жетекчилери жана кызматкерлери менен болгон жолугушууда Максат Атабаев казыят менен тыгыз кызматташып келе жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, элибиздин руханий жан дүйнөсүн байытууга жана Ислам динибиздин асыл баалуулуктарын жайылтууга салым кошкону үчүн Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Ардак грамотасын жана КМДБнын 2018-жыл ичинде аткарган ишмердүүлүгүн камтыган журналды тапшырды.