КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусов менен жолугушту

Кечээ, 14-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Баткен облустук казыятынын маалымат бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн жеринен танышуу максатында жүргүзүлгөн иш сапарында Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусов менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Абдурашид ажы Юнусов хатибиятта жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, имамдардын маалыматтык базасын жакшыртуу жаатында пикир алышты.

Ал эми КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев имамдардын ишмердүүлүгүн коомчулукка жеткирүү жана алардын маалыматтык базасын жакшыртуу боюнча жер-жерлерде окуу семинары өткөрүлө турганын айтып, алгачкы окуу семинары Баткенде башталганын билдирди.