Акжол ажы Козубаев: Матурудий акыйдасын көпчүлүгү билишпейт

 

Матурудий акыйдасын көпчүлүгү билишпейт. Мындай пикирин Акжол ажы Козубаев Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда болуп өткөн мечит имамдарынын жыйынында билдирди. Жыйын жергилктүү калкка Матурудий акыйдасын түшүндүрүү, диний экстремизмди алдын алуу максатында уюштуруган.

«Матурудий акыйдасын көпчүлүгү билишпейт бул жаатта имамдар менен биргеликте иш алып барышыбыз керек. Ошол себептүү бүгүн мечит имамдарына Матурудий акыйдасы боюнча сөз козгодук жана жыйынтыгында Матурдий акыйдасын түшүндүрүү боюнча имамдарга тапшырмаларды бердик», – дейт райондун хатиби Акжол ажы Козубаев.