Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев иш сапары менен Өзгөрүш айылына барды

Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын жашоочулары менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушууда облус казысы улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, айылдагы карапайым жашоочулардын ынтымагы жана ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак болуу туурасында баяндама жасады.

“Жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу бул диндин негиздеринин бири. Андыктан ар бир инсан өзүн оңдоп-түзөп,  башкаларды жүрүм туруму, адеп-ахлагы, жакшы сөзү менен башкаларга үлгү болуусу керек”,— деди облус казысы.

Жолугушуунун соңунда айыл тургундары өздрүнө керектүү болгон суроолорун беришип, облус казысына ыраазычылыктарын айтышты.