Самидин каары Атабаев: Соопту башкаларга алдырбайлы

Мындай пикирин Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев Ош облусунун Алай районуна караштуу Корул айлында жаңыланып бүткөн Ар-Рыяды Соолихин мечитинде өткөн жыйында билдирди. Жыйынга облустук казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, Алай районунун баш имам хатибинин орун басары Жыргал Камбаров жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Мечит «Корул коому» коомдук бирикмеси жана айыл жаштарынын демилгелери  менен колдоого алынып, заманбап жылыткычтар менен камсыздаган.

«Эң сооптуу иш мечит куруу. Биз, мечитти куруу же болбосо оңдоо үчүн арабтарды же түрктөрдү карап олтурган күндөрүбүз да болду. Бирок сооптун баарын аларга алдырып ийип, өзүбүз  ибадаттын гана сообу менен калчу элек. Мына бүгүн элибиздин күчү менен моминтип жаркылдаган мечит оңдолуп олтурат.  Бейиштен үй курууну кааласаң алгач  мечит куруу керек»,— деди облус казысы Самидин каары Атабаев

Иш-чара «Корул коому» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган спорттук мелдеш менен коштолду. Бул мелдеште Ош облусунун казыяты 3-орунду камсыз кылды.

Эскерете кетсек, Корул айылы өздөрүнүн мечитинин ичи-сыртын өз каражаттарына  оңдошкон.