Сабыр

Сабыр деген эмне? Сабырдын мааниси кандай? Эмнеге сабыр кылуу сооптуу?

Сабыр-сөздүктө жолтоо болуу, маани болуу, камакка алуу, күчтүү жана чыдамкай болуу маанисиндеги сабыр сөзүндөн келип чыккан. Терминалогиялык мааниси болсо же болбосо ахлак жагынан алып караганыбыздагы мааниси: Кайгыруу, башыбызга келген балээлерге чыдамкайлык көрсөтүү деген маанини туюндурат. Сабыр- напсибизди өч алуудан, тилибизди арыздануудан, денебизди болсо жаман мүнөздөрдөн коргоочу Аллах тарабынан берилген бир немат болуп саналат. Атактуу Ислам аалымы,  мусулмандардын далили наамына татыган имам Газзали сабыр кылуунун аныктамасына мындай деп кошумчалап кеткен: Сабыр- напсинин каалоосуна, үстөмдүк кылуусуна чыдамкайлык менен аны жеңүү деп айткан. Сабыр кылууну эки түрдө алып кароого болот.

Биринчиси: Алланын буйруктарына баш ийүү жана анын буйруктарына карама-каршы келген нерселерден оолак болуу.

Экинчиси: Алла тарабынан келген ар кандай сыноолорго чыдамкайлык көрсөтүү.

Курани каримде сабыр кылуунун мааниси көптөгөн аяттарда айтылган. Үч аятта мына булар айтылат:

«Сабыр кылгандарга эсепсиз жакшылыктар берилет.” [Зумар 10]

«Эй, ыйман кылгандар, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Аллаху Таала, албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот.” [Бакара 153],

«Эй, Расулум, капырлардын кыйынчылыктарына улулазм пайгамбарлар сыяктуу сабыр кыл.” [Ахкаф 35]

Сабыр тууралуу Пайгамбарыбыз алейхис саламдын хадистеринен:

            «Эң жогору ибадат – кыйынчылыктарга сабыр кылуу” [Тирмизи]

            «Эки көзүнөн айрылган адам ага сабыр кыла турган болсо Бейишке кирет.” [Хатиб]

            «Момундун куралы – сабыр жана дуа.” [Дайлами].

Сабыр кылуу — кутулууга жана ийгиликке себеп боло турган жакшы мүнөз. Сабыр пайгамбарлардын өзгөчөлүктөрүнөн болгон нерсе. Ошондуктан, аталарыбыз: «Сабыр ачуу болсо да жемиши таттуу.”, «Сабыр – саламат”, «Сабырдын түбү сары алтын”, — ж.б. даанышман акылдарын айтышкан.

Сабырсыз бир фарзды аткаруу же бир күнөөдөн качууга болбойт. Себеби: «Ыйман деген эмне?” —деп сурашканда, Пайгамбарыбыз: «Сабыр”, — деп жооп берген.

Сабырдын улуктугу жана пазилетинен улам Курани каримде жетимиштен ашык жерде сабыр жана сабыр кылгандарга бериле турчу сооптор билдирилген. Аяттарда айтылат:

«Сабыр кылгандардын сыйлыгын, кылып жаткандарынын дагы да жакшысын беребиз”. [Нахл 96]

            «Аллах сабыр кылгандарды жакшы көрөт.” [Ал-и Имран 146]

Андыктан мусулман бир тууганым «Ыймандын жарымы сабыр, калган жарымы шүгүр.” демекчи ар дайым сабырдуу болуп жана ушундай токчулук заманда шүгүр деп жашайлы.

Аллахым элибизге, жерибизге тынчтык амандык берсин!

Даярдаган: Акжол ажы Бакиров. Ош облусунун мусулмандар казыятынын кызматкери

.