Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев «Ыйман» фондунун өкүлү Медер Абдыманапов менен жолукту

Бүгүн, 15-октябрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев «Ыйман» фондунун  Ош облусундагы өкүлү Мердер Абдыманоповду менен жолугушту. Жолугушууда облус казысы «Ыйман» фондунун өкүлү менен биргеликте имамдардын диний билимин жогорулатуу, баян кылууда оратордук чеберчиликти колдоно билүү боюнча  тренингтерди өтүү жана Матурудий акыйдасын өзгөчө жаштар арасына түшүндүрүү маселеси көтөрүлдү.

«Өлкөдө экстремизмдин алдын алуу боюнча бир канча тренингтерди өтүп келүүдөбүз. Терс диний агымдардын алдын алууда имамдардын эмгеги чоң»,-деди облус казысы.