ОшМУнун деканын орун басары Абжапар Ислам институна зыярат кылды

Кечээ, 15-октябрда ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары доцент Абдүлмежит Исламоглу, ОшМУнун окутуучусу Ибрахим Севдим жана Өскөнбай Зууридинов  Ош облустук мусулмандар казыятынын алдындагы Абдыжапар атындагы Ислам  институна зыярат кылышты.

Зыярат учурунда окутуучулар Түркия Диянет фонду тарабынан кыргыз тилинде басылып чыгарылган диний китептерди институкка тапшырды.  Аталган институттун жетекчиси Нурбек каары Орунбаев окуу жайдын тарыхына токтолуп,  эгемендүүлүктү алгандан кийин Кыргызстандагы эң эле алгачкы диний окуу жай экенинин, бул жакты аяктаган бүтүрүүчүлөр дин тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жатканын баса белгиледи.

«Бир мусулман экинчи бир мусулманды зыярат кылуусу исламдын буйруктарынан. Андыктан биз  ар дайым тыгыз кызматташтыкта болуп келгенбиз жана да болуп келе бермекчибиз», — деди Нурбек каары Орунбаев.