Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирде өтүп жаткан «Фыкхий талаш-тартыштарды маданияттуу башкаруу» аталышындагы Эл аралык конференцияга катышууда

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Египет мамлекетинин Каир шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемелеринин башкы катчысы тарабынан уюштурулуп жаткан «Фыкхий талаш-тартыштарды маданияттуу башкаруу» аталышындагы Эл аралык конференцияга катышууда.

Эл аралык конференцияны Египет мамлекетинин дин иштери боюнча башкармалыгы (Муфтият) тарабынан уюштуруп, ага 73 мамлекеттинн Азирети Муфийлер, дин аалымдары катышып, дүйнө жүзүндө салттуу Ислам дининдеги фатванын орду, фыкхий талаш-тартыштарды жөнгө салуу темаларынын алкагында докладдарын окушууда.

Ал эми секциялларда төмөнкү темалар талкууланды:

  1. Фыкхий талаштуу маселелердин теориялык негиздери
  2. Фыкхий талаш маселелердин тарыхы
  3. Фыкхий талаш маселелерди чечүүдө анын максаттарын жана негиздерин сактоо
  4. Талаштуу фыкхий маселелерди чечүү: Учурдагы жана келечектеги чакырыктар

«Фыкхий талаш-тартыштарды маданияттуу башкаруу» аталышындагы Эл аралык конференция чындыгында абдан чоң масштабда уюштурулган. Ошондой эле фатва жана маалымат технологиясы, исламофобия менен күрөшүүнүн механизмдери, бүткүл дүйнө боюнча изилденген фатвалардын натыйжасынын курсорунун көрсөткүчүн тартуулоо темалары каралууда»,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев.

Эл аралык конференция 3 күнгө созулуп, анын алкагында бардык катышуучулар фатва маселесине тиешелүү суроолорду талкуулашып, анын коомду ордун жана тынчтыкты сактоодогу максатын терең карап чыгышмакчы.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Каир шаарында өткөн «Фатванын стабилдүүлүктү сактоодо ролу» аттуу эл аралык конференциянын алкагында дүйнөлүк фатва берүүчү аалымдардын курамынан турган бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемелеринин башкы катчысы Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевди мүчөлүккө кошкон. Бүткүл дүйнөлүк фатва берүү катчылыгынын курамы Ислам борборлору, муфтийлер жана дүйнөдөгү фатва берүү мекемелеринин мүчөлөрүнөн куралган.