Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев казыят кызматкерлери менен биргеликте “Сулайман-Тоо” медресесин текшерүүгө алды

Бүгүн, 16-октябрда Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев казыят кызматкерлери менен биргеликте Оштогу “Сулайман-Тоо” медресесин текшерүүгө алды.

Текшерүү учурунда Убайдулла ажы Сарыбаев медресенин мугалимдери жана студенттерине чакан жыйналыш өткөрүп, жогорку курстун студенттеринин билим деңгээли менен таанышып, аларды билим алууга чакырды.

“Илим алуу менен элге жерге пайдаңар тийсин. Ата-эненердин жүзүн жарык кылып, Аллахтын ыраазычылыгын табуу үчүн такыбалык жана жакшы адеп-ахлак менен илим алууга аракет кылгыла”,-деди Убайдулла ажы Сарыбаев.