Караколдо “Кастык тили, аны алдын алуунун жолдору жана медиасабаттуулук” аталыштагы тегерек стол уюштурулду

Бүгүн, 16-октябрда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 2-окуу корпусунун кеңешме залында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду, “ALERT” эл аралык фонду тарабынан, “Кастык тили, аны алдын алуунун жолдору жана медиасабаттуулук” аталыштагы тегерек стол болду.

Иш-чарага облус Казысы Алмазбек ажы Сагындыков, долбоордун Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча координатору Ширин Бакытова, “ALERT” эл аралык фондунун өкүлү Расул Момуналиев, шаардык жаш лидерлердин өкүлү Айтилек Каныбекова катышты.

“Бүгүнкү күндө маалымат технологиясы өнүккөн учур. Ошол себептен коомго кандайдыр бир маалыматты таратууда медиасабаттуулуктун ролу чоң. Андыктан бул нерседен ар бир адамдын кабары болушу керек”,-деди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.

Дискуссиянын жүрүшүндө суроо-жооп уюштурулуп, атайын эксперттердин эмгектери көрсөтүлдү.