Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев: “Ыймандуу жаштар мекенибиздин эртеңки келечеги”

Бүгүн, 16-октябрда Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесиптик орто билим берүү колледжинин студенттери менен Талас облустук мусулмандар казыяты жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууга Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев, казынын орун басары Касым ажы Сыдыков катышып, студенттерди мекенди сүйүүгө жана билим алууга чакырды.

“Мекенди сүйүү ыймандан. Ыймандуу жаштар мекенибиздин эртеңки келечеги. Алар канчалык билимдүү, ыймандуу болсо мамлекетибизде дагы жылыштар болот. Ошону үчүн билимдүү жаштар көбөйө берсин”,-деди Таалайбек ажы Бапиев  

Ал эми казынын орун басары Касым ажы Сыдыков студенттерди билим алууда кайдыгерликтен алыс болуп, өзү тандаган кесибин жакшы өздөштүрүүсү зарылдыгын, убакытты туура пайдаланууга чакырды.