КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Баткен шаарындагы Муаз Ибн Жабал медресесине зыярат кылды

Кечээ, 15-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Баткен облустук казыятынын маалымат бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн жеринен танышуу максатында жүргүзүлгөн иш сапарынын алкагында  Баткен шаарында жайгашкан Муаз ибн Жабал медресесин зыярат кылды.

Зыяраттын жүрүшүндө медресе мүдүрү Султанмурат Исираев медресенин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, аткарылган иштер туурасында маалымат берди.

Ал эми КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев коомчулукка ислам баалулуктарын жеткирүү, руханий азык берүү, окуучуларды адеп-ахлакка үгүт кылууда маалымат каражаттарынын орду чоң экендигин белгилеп өттү.

Мындан тышкары медресенин соцтармактагы расмий баракчасын ачуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми медресе жамааты маалымат базасын жогоруулатуу ишин колго алаарын айтса, КМДБнын маалымат бөлүмү маалыматтык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.