Жалал-Абадда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү

Кечээ, 15-октябрда Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын идарасында мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган жыйын болуп өткөрүлдү.

Жыйынга Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз  каары Закиров, ДИМКнын Жалал-Абад областындагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары, илимпоздор катышты.

Жыйында облус казысы Абдулазиз  каары Закиров: «Курандын Хужурот сүрөсүнүн 13-аятында: “Эй адамдар! Биз силерди бир ата-энеден жараттык жана улут-улутка, уруу-урууга бири-бириңер менен таанышуу максатында бөлүп койдук» -деп жазылган. Андыктан биринчи эне тилибизди андан кийин чет тилин да үйрөнүп, башкаларга үлгү бололу»,-деди облус казысы. 

Андан кийин ДИМКнын Жалал-Абад областындагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев  мечиттерде, диний кызматкерлер арасында кыргыз тилин өнүктүрүү керектигин билдирди.