Даарат алуу тартиби

Даарат алып жаткан учурда кыбыла тарапка жүздөнүп, бийикирээк, таза жерге олтуруп алуу – мустахаб болот. Башында «Бисмилла»ны айтып, эки колун билегине чейин үч жолу жуйт. Андан кийин оозун үч жолу жакшылап чайкап, мисвак менен тазалоо керек. Эгерде мисвак жанында болбосо, анда манжалары менен тиштерин сүртүп, чайкайт. Эгерде орозо эмес болсо, анда гаргара да кылат. Кийин мурдуна оң колу менен суу алып, сол колу менен чимкирет, муну да үч ирет кайталайт. Андан соң бетин чач өскөн жерден баштап, ээктин астын кошуп, кулактардын жумшактарына чейин толук үч жолу жууш керек. Каштарын да жакшылап сүртүп, сууну терисине чейин жеткирүү зарыл. Кийин алгач оң колун, анан сол колун чыканагы менен кошуп үч жолу жуулат. Манжаларынын арасын жакшылап аралаштырып, тахлил кылуу зарыл, суу жетпей калбаш керек. Эгерде колунда шакек болсо, аны да кыймылдатып, арасына суу киргизүү зарыл. Андан кийин башын бир ирет суу менен сүртүп масх кылат, эки кулагынын ичтерин сөөмөйү менен, сыртын болсо бармак менен тазалап сүртүп, акырында желкесин дагы манжаларынын сырты менен масх кылат. Кулакты, желкени масх кылыш үчүн жаңыдан колго суу алуунун кереги жок, башка масх тартыш үчүн алган суу менен эле бардыгын тазалап сүртүп кетек. Эң акырында алгач оң бутун, андан кийин сол бутун кызыл ашык менен кошуп жакшылап, кургак жер калтырбастан жууйт. Мына ушинтип даарат соңуна чыгат. Дааратта да өзүнө тиешелүү парздары, сүннөттөрү жана мустахабтары бар.

1-суроо: Дааратта канча парз бар?

Жооп: Дааратта 4 парз бар, алар;

  • Бетти толугу менен бир ирет жуу
  • Эки колду чыканак менен кошуп бир жолу жуу
  • Баштын 4/1 (төрттөн бир) бөлүгүнө масх тартуу
  • Эки бутту кызыл ашык менен кошуп бир ирет жуу

Мына ушулар даараттын парздары. Эгерде ушулардын бири калып кетсе, же толук жуулбай калса, анда даарат дурус болбой калат. (غرر ملخصا 10)

2-суроо: Даараттын сүннөттөрү кайсылар?

Жооп: даараттын сүннөттөрү төмөнкүлөр;

  • Эки колду билек менен кошуп жуу
  • Дааратты баштаганда «Бисмилла»ны айтуу
  • Оозду чайкоо
  • Мурунду тазалоо
  • Ар бир мүчөнү үч жолудан жуу
  • Мисвак колдонуу
  • Башка толугу менен эки кулакты кошуп масх тартуу
  • Колдун жана буттун манжаларын аралаштырып тахлил кылуу

Мына ушулар даараттын сүннөттөрү. Мындан калганы болсо даараттын мустахабтары болуп саналат. (نور الايضاح 8)

3-суроо: Даарат алыш үчүн ниет кылуу шарт кылынганбы?

Жооп: Жок, ниет шарт эмес. Балким, жогоруда парз деп айтылган 4 мүчө толук жуулган болсо, даарат дурус болот, ниет кылбаган болсо дагы. Мисалы: Эгерде дааратты ниет кылбастан жуунган болсо (мончого, же душка түшсө), же сууга чөмүлсө, же өтө катуу жамгырда калып, 4 мүчөсү толук жуулуп калса, даараттуу болуп эсептелет. Бирок, мындай учурда соопко ээ болбой калат. (فتاوى شامي ص 111 ج 1)

4-суроо: Даарат алып жаткан учурда адашып кетип, жуула турган мүчөлөрдүн ордун алмаштырып жууп койсо, даарат эсептелеби?

Жооп: Негизи жогоруда жазылган тартипте алуу – сүннөт болуп саналат. Бирок, адашып кетип алгач башына масх тартып, кийин бетин жууса, же биринчи бутун жууп алып, анан башына масх тартса, даарат дурус боло берет. Бирок, сүннөткө ылайык келбей калат. Ошондуктан, мындай көрүнүштү адат кылып албаш керек. (مراقي 43)

5-суроо: Бир мүчөнү жуугандан кийин, бир аз туруп калып, экинчисин жууштан мурда биринчи жуулган мүчө кургап калса, даарат дурус болобу?

Жооп: Ооба, даарат дурус болот. Бирок, мындай кылуу да сүннөткө каршы келет. Биринчи жуулган мүчө кургаштан мурда, дароо экинчисин жуу – сүннөт болуп эсептелет.

(در ص 127 ج 1)

6-суроо: Сакалчан адамдардын дааратында кандайдыр бир өзгөчөлүктөр барбы?

Жооп: Ооба, бар. Эгерде сакалы өтө коюу болсо, анда сакалдын астына суу киргизип, териге суу жеткирүү шарт эмес. Балким, сакалдын үстүнөн суу жүгүртүп, сакалын аралаштырып тахлил кылып коет. Ал эми сакалы суюк болсо, анда сакалынын арасына, терисине чейин суу жеткирүүгө тийиш.

7-суроо: Даарат учурунда жуула турган мүчөлөргө суу жүгүртүп коюу жетиштүүбү?

Жооп: Жок. Ар бир мүчөнү жакшылап суу жеткирип, кургак жер калтырбастан жышып жуу – сүннөт болот. (شامي ص 15 ج 1)

8-суроо: Бирөөнүн жардамы менен даарат алуунун өкүмү кандай?

Жооп: Башка бирөөнөн жардам сурабастан, өзү даарат алуу – мустахаб. Бирок, кандайдыр бир үзүр себептүү башка бирөөнүн жардамына муктаж болуп калса, анда эч нерсе эмес. Башка бирөөнүн жардамы менен болсо дагы, дааратын толук алсын. (شامي, منية المصلي)

9-суроо: Даарат учурунда сүйлөсө даарат дурус боло береби?

Жооп: Даарат дурус болот. Бирок, дүйнө сөзүн сүйлөбөстөн алганды адат кылыш керек. (منية المصلي)

10-суроо: Дааратка тиешелүү дагы кандай маселелер бар?

Жооп: Ар бир мүчөнү жууп жатканда «Бисмилла» айтуу, сууну ысрап кылбоо жана өтө эле сараңдык дагы кылып жибербөө, үч жолудан ашыкча жуубо. Бирок, кургак жер калып кетсе, анда үч жолудан ашыкча жууганга да уруксат. Бетти жууп жаткан учурда эриндерди, көздү кургак жер калып кеткидей өтө катуу жумуп албаш керек. (شامي, در, منية)