Баланы тарбиялоо

Балдарды тарбия кылуу оңой нерсе эмес. Тарбия кылууда дин жана дүйнө эки тарапты тең эске алуу керек. Тарыхка көз чаптырып көрсөк, чындык ачыкка чыгат. Коомдун өспөй калуусу эки себептен болот:

1) Кайсы бир коом экинчи бир коомго күч менен басып кирип, аларды кыйратса.

2) Кайсы бир коомдун балдары илим жана тарбия алуудан кур калганынын себебинен.

Бул айтылган нерселер «Жаңы урпактарды шарият тыйган нерселерди үйрөткөндөн же таалим жана тарбияга көңүл койбогондон» келип чыгат.

Ислам – бул тынчтыктын дини. Бул дин өзүнү ээрчигендерге ар дайым ага амал кылгандардын дүйнө жана акырети курула турган таалимдерди берет.

Исламда балдарга таалим – тарбия берүүдө өтө катуу көңүл бурулган. Ата – эне өз балдарына жакшы тарбия берип, жакшы – жаманды ажыраттырууга көндүрүүсү керек. Эгер ата – эне балдарын жакшы карап туура жолго салса, балдары дүйнөдө ата – энесине баш ийет жана алардын ыраакатына себепчи болот. Ал эми акыретте да ата – энесинин даражаларынын бийик болуусуна көмөкчү болот. Жакшы балдар ата – энеси үчүн садака жарыя (ата – энеси каза болгондон кийин да сооп жетип турат) болуп эсептелет. Жогоруда айтылып өткөн «Садака жарыя» деген сөз кыргыз тилиндеги «Бир нерсени жарыялоо, жар салуу деген маанини бербейт, бул араб тилинен алынган токтобой жүрүп туруучу, агып туруучу» ж.б. маанилерди берет. Кээ бир садага жарыя кыяматка чейин ата – энесине берилип турат.

Ал эми кайсы ата – эне балдарын тарбия кылууга көңүл койбосо алардын дүйнө жашоосуна зыян алып келет. Балдары баш ийишпей ата – энесин тажатышат. Акыретине да зыян жеткиришет. Ал кайсы бир күнөөнү кылса ата – энеси ошол күнөөдө бирдей күнөөкөр болушат. Кудум алар өздөрү үчүн күнөөнүн эшигин ачып койгондой болот.

Ошондуктан ар бир эне жана ата мусулман болгондуктан өздөрүнүн балдары жөнүндө милдетин билүүсү керек жана Куран, Хадис аркылуу алардын тарбиясын көзөмөлгө алуу зарыл. Ата – эне өздөрүнүн милдетин билгенден кийин ошол милдети ишке ашып кетүүсү үчүн бир ыкманы колдонуу зарыл.

Төрөлгөн балага эненин биринчи белеги

             Бала төрөлгөндө энеси кубанып баласына эң биринчи берген белеги ал эненин сүтү болот. Эне баласына аз болсо да өз сүтүн сөзсүз ичирүүсү зарыл сүтү. Бала үчүн эненин сүтүнөн өткөн кадырлуу азык жок. Ар бир эне сүтүн сөзсүз ичирүүсү керек, ошондо эненин махабаты балага келет.

Эгер эне сүт эмизбесе, эненин махабаты балага кантип келсин. Негизи, келиндер төрөгөндө, денеси бузулуп кетүүсүнөн коркуп сүт эмизишпейт. Башынан эле бөтөлкө менен сүт ичире башташат. Эгер, бала бөтөлкөдөн сүт ичип чоңойгон болсо, энени эне деп түшүнбөй калат. Диний таалим албаса, эне сүтүн ичпесе анда ага кайдан жакшы кулк – мүнөз келсин.

Төрөлгөндөн кийин тахник кылуу

             Бала төлөгөндөн кийин тахник кылуу сүннөт. Тахник – дегени кайсы бир жакшы адамга курманы чайнатып же балды оозуна салдырып аны алып баланын оозуна салууну айтат. Бул Аллахтын жакшы пенделеринин оозунан баланын оозуна барса анда береке болот. Ошондуктан тахникти кайсыл бир жакшы пендеден кылдырууу керек. Ал пенде эркек да аялда боло берет. Муну биз өтө көп берекесин көрдүк. Ошондуктан, бойунда бар түшүнүктүүаял мурдатан эле тахник үчүн даярдык көрүп койгону жакшы.

Тахниктен кийин азан жана коомат айтуу

 Тахник кылгандан кийин баланын оң кулаганы азан, сол кулагына коомат айтылат. Бул Аллах Тааланын аты баланын эки кулагына тең айтылат, жаш бала ойлонуп пикир кыла албайт, бирок, анын кулагына Аллах Таала өзүнүн улуктугун жана чоңдугун зикир кылдыртты. Бир кулагына да «Аллах улук» экинчи кулагына да «Аллах улук» деп айтылды. Кудум ага Аллахтын улуктугу үйрөтүлдү. Ага кабар жеткизилди. Дүйнөдө азан айтылат, андан кийин коомат айтылып намаз окугандай. Ушундай эле эй пенде сенин жашооңдогу азан да айтылды жана сенин кооматыңда айтылды кыска гана жашооң бар, акыретиңе даярдан жаназа намазыңа даярдан деген сымал

Баланын атын дайыма жакшы коюу керек

             Баланын атын дайыма жакшы коюу керек. Аллах Таалага Абдулло жана Абурахман деген аттар өтө сүйкүмдүү. Ушундай ат коюу керек, кыямат күнү чакырылганда Аллах Таала ал пендени тозокко салуудан уяла тургандай. Аллах Таала менин пендем менин ырайымдуулук атым менен дүйнөдө чакырылып жүрүптүр. Эми мен аны тозокко кантип салам дегендей ат коюу керек. Бүгүнкү күндө балдардын аттарын эч бир маанисиз аттарды коюуп салышат. Ал аттын маанисин анын энеси да жана башкалар да биилишпейт. Мындай ат коюу бала үчүн жакшы эмес. Баланын укуктарынан ата – энеси балага ушундай ат коюусу керек ал чоңойгондо анын аты менен чакырылган да ал кубана тургандай. Бул ата  — энесинин үстүндөгү балага болгон укугу, ошол себептен балага дайыма жакшы ат коюу заарыл.  Пайгамбарлардын, сахабалардын олуялардын аттарынан коюу керек. Бир рываятта айтылган: Кайсыл үйдүн ичинде Мухаммад деген ат коюлган бала болсо, Аллах Таала ошол аттын берекесинен ошол үй бүлөнү тозок отунан сактайт. Мухаммад жана Ахмад деген аттар өтө сүйкүмдүү. Биздин машайихтар он урпакка чейин атасынын аты Мухаммад баласынын аты Мухаммад андан кийинки баласынын аты да Мухамад андан кийинкинин да аты Мухаммад коюушкандар бар. Бул өтө сүйкүмдүү ат он урпакка чейин ушул ат коюулуп келе берген. Бүгүнкү күндө ушул атты койот, бирок ал ат менен биргеликте дагы бир атты кошуп койот. Кошулган аты атактуу болуп кетет. Мисалы: Мухаммад Увейс деген ат койот жана Увейс деген ат аткактуу болуп кетип, Мухаммад деген атын эч ким билбей да калат. Мухаммад деген ат Аллах Таалага өтө сүйкүмдүү жана Ахмад деген ат Куранда айтылган. Себеби Аллахка сүйкүмдүү. Эгер кааласа Мухаммад Ахмад деп ат койсо болот. Пайгамбарлардын, олуялардын аттарына балдардын атын коюу керек. Кыямакт күнү алар менен чогу болуп Аллахтын рахматы аларга жаасын. Кыздардын атын да сахаба аялдардын аттарын коюу керек. Момундардын энелеринин атын коюу, Пайгамбарыбыздын (с.а.в) атын коюу,кыскасы кыздардын аты да жакшы аттар менен койулсун. Эч кандай маани маңызы жок ат коюулбасын.

 

Даярдаган: Равшан ажы Эратов.

КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы.