Акыйка

Акыйка дегендин мааниси – бөлүү. Эми андан жаңы төрөлгөн наристеден бир нерсени бөлүү (алуу) тшүнүкө келет. Ал болсо анын чачы. Себеби, наристе төрөлгөндөн кийин 7 – күнү анын чачы алынат. Ошондуктан, наристеге аталып союлган мал акыйка деп аталып калды.

Бала биринчи төрөлгөн күнү анын оң кулагына азан сол кулагына коомат айтылат. Ушундай кылуу менен ага шайтан зыян бере албайтжана анын кулагынаИнни аиузуха бика ва зурриятиха минашшайтоонир рожиим.  Деп айтуу мустахаб болот. Динге кызмат кылган аалым,такыба,солих жакшы адамдарга тахник кылдыруу сүннөт. Тахник деп: Курма же таттуу нерсени чайнап ошону менен тандайына тийгизип коюуну айтат. 7 — күнү же 14 – 21 — күнү анын атынан кой муздатылат. Эркек бала төрөлсө 2 кой кыз бала төрөлсө 1 кой. Анан анын чачын алып, таразага тартып анын салмагына барабар болгон күмүштү же анын акчасын садака кылуу керек. Баланын чачын алуу менен ага келүүчү жаман балээ , кырсыктардан  арылат.

Салман бин Аамирден (р.а) риваят, ал: «Мен Пайгамбарыбыздын (с.а.в) мындай деп айтып жатканын уктум: «Балага акыйка кылу керек. Ага атап мал сойгула жана андан балээни кетиргиле». (Бухари)

Айшадан (р.а) риваят: «Пайгамбарыбызга (с.а.в) жаш наристе балдар алып келинди. Пайгамбарыбыз (с.а.в) аларга береке үчүн дуба кылды жана курма чайнап алардын оозуна салды». (Муслим)

Али бин Аби Талибден (р.а) риваят, ал айтты: Пайгамбарыбыз (с.а.в) Хасандын (р.а) атынан бир кой союп акыйка өткөрүп мындай деп айтты: Эй, Фатима! Хасандын чачын ал да, чачынын көлөмүнө барабар болгон күмүштү садака кыл деди. Ошондо биз Хасандын (р.а) чачын өлчөгөнүбүздө 1 дирхамга барабар же андан азыраак болгон.

Кайсыл жаныбарларды акыйкага сойсо болот?

             Курмандык чалууга жараган жаныбар акыйкага да союуга жарайт. Буйволду да курмандыка чалса болот. (Ошондуктан, акыйкага да сойсо да болот). Жети адам биригип курмандык чалууга жараган жаныбарды акыйкага да жети адам биригип сойгонго уруксат. Бир эле наристеге бир уйду акыйкага сойсо болот. Наристе уул бала болсо, анда анын акыйкасына эки кой союу мустахабб болот. Бирок, эгер эки кой союуга мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда бир кой да жетиштшүү. Белек катары да берилген койду акыйкага союуга болот. (Апке масаил 4/228)

Акыйка кыла албаган адам курмандык кыла алат. Кимге курмандык ваажиб болгон болсо, бирок акыйкага кой союуга башка мүмкүнчүлүгү жок болсо анда ал сөзсүз курмандык чалуусу керек.

Акыйкага кой союу – төрөлгөндөн кийин жетинчи күнү сүннөт амал. Наристенин төрөлгөн шаарында, мамилекетинде акыйкага кой союлат. Башка мамилекетте сойсо да болот. Негизинене, ар бир наристеге жетинчи күнү бөлөк – бөлөк кой союу сүннөт амал болуп эсептелет. Бир нече балдарга чогуу акыйкаларына атап бир койду сойуп койсо да болот. Бирок, сүннөткө каршы болуп калат. Наристе төрөлгөндөн кийин жетинчи күнү акыйкага кой союу бардык уламалардын ою боюнча мустахабб амал.

Баланын ата – энесинен болгон укугу

Бир жолу Умардын (р.а) алдына бир ата өзүнүн баласын алып келет. Ал бойго жеткен бала болот ата – энесине баш ийбейт. Анын атасы Умардын (р.а) алдына келип: Бул менин балам бирок, менин эч бир сөзүмдү укпайт. Сиз ага саза бериңиз же түшүндүрүңүз деди. Умар (р.а) тасын сөзүн укканда баласын чакырып, баласына сен атаңа эмне үчүн баш ийбейсиң деп сурады. Ал бала: Эй, момундардын амири! балдардын ата – энеге эле болгон укугу барбы же ата – эненин да балага болгон укугу болобу? — деди. Ал айтты: менин атам менин эч кандай укугмду аткарган жок. Эң биринчи ал эч бир илими жок чөөрү аялга үйлөндү. Ал аялда жакшы кулк мүнөзү да жок жана андан мен төрөлдүм. Анан менин атымды атам жуъул деп койду. (Жуъул деген тезектин жашаган курттун аты). Ушул дагы койо турган атпы? Аны менин ата – энем коюп койгон. Андан кийин энемде эч кандай диний илими болбогондуктан мага эч кандай диндин илимин үйрөткөн жок. Мен чоңоюп жигит болдум эми мен баш ийбей анан эмне кылайын деди. Умар (р.а) анын сөзүн укканда баладан да ата – эне өз укуктарын аткарышпаптыр. Ошондуктан, сен балаңды күнөөлөй албайсың деди.

 

Даярдаган: Равшан ажы Эратов 

КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы.