Адал-арамды ажыратып билүү ар бир мусулмандын милдети

Адал-арамды ажыратып билүү ар бир мусулмандын милдети.

Алла Таала Курани Каримде мындай деген:

“Эй ыйман келтиргендер, Биз берген адал ырыскылардан жегиле. Эгер чындап эле Ага сыйынчу болсоңор, Аллахка шүгүр кылгыла!”(Бакара, 172).

Башка аятта: “Эй элчилер! Адалдарды гана ичип-жегиле жана жакшылык иштерди кылгыла! Акыйкатта, мен силердин эмне кылганыңарды жакшы Билүүчүмүн”- деген, (Муминун,51).

Нуьман бин Башир айткан хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) “Адал- бул ачык-айкын. Арам да ачык-айкын. Бул экөөнүн ортосунда шектүү нерселер бар. Аны көп адамдар билбейт. Эгерде ким шек-күмөндүү нерселерден сак болсо, анда ал динине жана аброюна тазалыкты талап кылды. Ким шек-күмөндүү нерселерге түшсө, анда ал арамга түштү. Мунун мисалы коруктун айланасында (малын) кайтарып жүргөн койчудай корукка түшүшү мүмкүн. Албетте ар бир падышанын коругу бар. Чындыгында Алла Тааланын коругу – бул анын тыйган нерселери. Денеде бир үзүм эт бар. Эгер ал оңолсо дене оңолот. Эгер ал бузулса дене бузулат. Ал жүрөк” -деп айткан (Муттафакун алейхи).

Алла Таала арам кылган мал туурасында Курани Каримде мындай деген

“Силерге өлүк, кан, чочконун эти жана Аллахтан башкага аталып мууздалган мал, ошондой эле муунтулуп, урулуп, кулап, сүзүлүп өлгөн жана жырткыч айбандар жеген мал арам кылынды. Бирок жаны чыга элек учурда (Алланын аты аталып) мууздалган малдардан башкалары. Кадалган таш буркандарга арнап мууздалган мал жана төлгө менен бөлүнгөн мал арам (Маида,3).

Демек арам болгондор алар

1-Өлүмтүк

2- Малды мууздаганда чыккан кан.

3-Чочконун эти, чочкодон чыккан кандай гана азык болбосун.

4-Алладан башкага аталып союлган мал.

5-Муунтулган мал.

6-Урулуп өлгөн мал.

7-Кулап өлгөн мал.

 8-Сүзүшүп өлгөн мал.9-Жырткыч кол салып өлгөн мал. Эгерде тирүү болсо дароо Алланын атын айтып мууздоо керек.

 10-Таш буркандарга арналып союлган мал.

 11-Төлгө менен бөлүнгөн мал.

 Эскерте кетчү нерсе, коомубузда кээ бир адамдар эгер эт чочконуку болбосо эле эттин баары адал деп ойлошот, бирок андай эмес. Эттин кандай адал болушунун шарттарын жогоруда айтып өттүк.

Курт-кумурска, жөргөмүш, жылан жана чаян.

Алла Таала:  “Ал аларды жакшылыкка буюруп,  жамандыктан тыят. Жакшы нерселерди адал, жаман нерселерди арам кылат”(Аараф,157). Ушул аяттын негизинде курт-кумурска, жылан, чаян, чымын, чегирткени жеген арам.

Арак жана башка мас кылуучу ичимдиктер

Алла Таала Курани Каримде “Эй момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) орнотулган таш буркандар жана жаанын огу менен төлгө тартуу-шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар. Чындыгында, шайтан аракта, кумарда ортоңордо душмандык жана кек салып, Аллахты эскертүүдөн жана намаздан тосууну каалайт. Ошондой болсо да тыйылбайсыңарбы,?!” (Мааида, 90,91)-деп айткан.

 Пайгамбарыбыз “Ар бир мас кылуучу арак. Ар бир мас кылуучу арам” (Муттафакун алейхи).

 Жогорудагы аяттын жана хадистин негизинде арак, жана ар кандай мас кылуучу ичимдиктер арам.

 Спирт

Эгерде, спирт балдан, арпадан, буудайдан, жүгөрүдөн, кара буудайдан, картөшкөдөн же синтетикалык жол менен алына турган болсо, мындай спирт нажас эмес. Анын үстүнө спирт өндүрүштүн ар түрдүү тармактарында колдонулгандыктан,  жалпы кыйынчылыкты туудурат. Ошондуктан, азыраак өлчөмдө спирт кошулган тамак-аш азыктарын, дарыларды, парфюмерияны, косметиканы, турмуштук химиянын товарларын колдонууга уруксат берилет, анткени спирт көпчүлүк учурда жүзүм же курмадан эмес, синтетикалык жол менен алынат. Бирок, аны күнөөкөрлөр сыяктуу мас болуу, же рахат алуу максатында  колдонууга болбойт.

Ал эми алкоголдук ичимдиктер, алардын кайсы жол менен алынганына карабастан арам, жана нажас болуп эсептелет, ошондуктан аларды пайдаланууга болбойт.

 

Пайгамбарыбыздын сүннөтүнүн негизинде арам болгондор

1-Эшектин эти

Жабир бир Абдулладан  (р.а.) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз “Хайбар күнү эшектин этинен тыйып жылкыга уруксат берди”- (Бухарий, Муслим).

2-Жырткыч жаныбар.

Мухаммад пайгамбарыбыз өзүнүн хадистеринде “Ар бир жырткыч жаныбардын эти арам”,

3-Жырткыч куш.

“Ар бир алгыр куш арам” деп айткан, (Муслим, Тирмизий).

Демек кандай гана жырткыч жаныбар болсун ит болобу, аюу, арстан болобу же алгыр куш болсун ителгиби же бүркүтпү алардын этин жегенге болбойт.

4-Арам нерселерди же нажасты жеп чоңойгон малдар, канаттулар жана балыктар.

Эгерде арам нерселер менен багылып калган болсо, анда малдын же канаттуунун же балыктын жаман жыты чыкканга чейин таза тоют менен багылуусу зарыл.

Мал жана канаттууларды мууздоо эрежеси

Малды жана канаттууларды сойгондо 3 жерин мууздоо керек.

“Бисмиллахи Аллаху акбар”- деп айталат.

1-кекиртегин. 2-кызыл өңгөчүн. 3-күрөө тамырларын.

Малды жана канаттууларды сойгондо аларга жакшы мамиле кылып, аларды кыйнабастан курч бычак менен мууздап, жаны чыккандан кийин гана жиликтеп союу зарыл.  Эгерде бир нече малды же бир нече канаттууну мууздап жаткан болсо, ар бирине өзүнчө Алланын атын атап союу керек. Кыбылага каратып союу сүннөт.

Балык.

Ханафи мазхабында балыктын бардык түрү адал. Аны ыңгайлуу болгон ыкмалар менен кармаганга уруксат.

Адал-арамды айтканда жашылча-жемиштерди жана ар кандай чөптөрдү да айтуу керек.

Уулуу же адамга зыян болбосо, алардын баарын тамак ашка колдонгонго уруксат.

 

Тамак-аш индустриясы да бир орунда эмес. Себеби азыркы учурда тамак-ашка кошулчу ар кандай боёктор жана кошулмалар бар. Ал кошулма азыктарын продукцияга жазууда көп орунду ээлейт ошондуктан “Е” менен анын саны жазылып, ал эмнени түшүндүрөт экенин, бул туурасында маалыматы бар адамдар биле алышат.

“Е” тамак-аш кошулмалары.

“Е”- коддор тамак-аш өндүрүшүндө колдонулган азыктарды белгилеш үчүн европанын экономика коомчулугу тарабынан бекитилген.

Кээ бир “Е” коддор жаныбарлардан болгон арам компоненттерди камтыганы да маалым.

Евробиримдик  “Е” коддорду тамак-аш кошулмаларынын идентификациясын жеңилдетиш үчүн колдонот. “Е” деген тамга өзү Европа же Евробиримдик дегенди туюнтат.

Евробиримдиктин комиссиясы Евробиримдиктин тамак-аш кошулмаларынын коопсуздугу туурасындагы комитеттин чечиминин негизинде “Е” коддорду ар кандай кошулмаларга ыйгарат.

 

100-199 боёктор
200-299 консерванттар
300-399 антиоксиданттар
400-499 Стабилизаторлор, коюлтуучулар, эмульгаторлор
500-599 Ph регуляторлору жана азыктын юуп калуусуна каршы кошулмалар
600-699 Даамды жана жытты күчтөндүрүүчүлөр, ароматизаторлор
700-899 Тамак-аш кошулмаларында колдонулбайт,(Тоют кошулмаларында колдонулат).
900-999 Ар кандай кошулмалар (Беёктор, таттуулагычтар, ж-б)
1000-1399 Түрдүү кошулмалар
1400-1499 Крахмал туундулары

 

Даярдаган: Токтогазы уулу Бактияр

КМДБнын фатва бөлүмүнүн кызматкери