Сөздүн мутагендик таасири

Кээ бир негативдүү сөздөрдүн мутагендик таасир берүүгө (организмдин тукум куучулук өзгөчөлүктөрүн өзгөртүүчү) кудурети бар экени аныкталган. Бул учурда хромосомдор негативдүү сөздөрдүн таасири менен башаламан, тартипсиз кыймылга келип, гендердин орундары алмашып кетүүсүнө себеп болот. Натыйжада ДНК организмде көптөгөн табигый эмес программаларды иштеп чыгара баштайт. Алар өзүнөн кийинки укум-тукумга өзүн-өзү талкалоочу программаларды өткөрүп берет. Адистердин пикири боюнча, негативдүү сөздөр адамга радиоактивдүү рентген нуру сыяктуу терс таасир берүүчү мутагендик таасирге ээ. Эгерде терс максатты көздөгөн негативдүү сөздүн күчү өтө эле ашыкча болсо, анда ал адамды өтө коркунучтуу деңгээлге чейин өзгөртүп жибериши мүмкүн.

Илимпоздор арабидопсис өсүмдүгүнүн үрөнүнө (тукумуна) карата эксперименттерди жасашкан. Алардын көбү дээрлик өлүп калган. Ал эми жашап калгандары генетикалык жактан түрү суук болуп, таза организмдин өсүп өнүгүүсүнө шарт түзүүчү программаларды камсыз кыла албай калган. Алардын укум-тукумдары бир нече муундарга чейин дегенерацияга (начарлоого) дуушар болгон.

Өсүмдүктөр да өстүрүп жаткан ээсинин жакшы сөздөрүн эстеп калат. Алар да тааныш үндөр менен таасирленип, тезирээк өсөт. Бул касиет алардан алынган кийинки өсүмдүктөргө да өткөн.

Ошондой эле илимпоздор мутагендик таасир берүүчү сөздүн күчү анын катуу же акырын үн менен айтылышына көз каранды эместигин байкашкан. Алар сөздөрдү бийик жана төмөн үндөр менен, жадагалса шыбырап да айтып көрүшкөн, бирок натыйжа бирдей болгон. Бул сөз качан, кандай абалда, кимге айтылбасын, сөзсүз анын таасири бар экенине далил болот. Бул жерде бир ой пайда болот. Сөз бул адамдарга, айбандарга, жадагалса, өсүмдүктөргө чейин өзүнүн оң же терс таасирин тийгизүүчү энергоинформациялык субстанция болуп эсептелет. Мындан адамдарга, айлана-чөйрөгө таасир берүүдө сөздүн кандай ролу бар экенин байкоого болот. Мисалы, адамдарды туура эмес жолго бурууда, аларды алкоголь, тамеки, уятсыздык, бузукулук жана башка ушул сыяктуу көрүнүштөгү «допингдерге» көз каранды кылууда да, же аларды туура жолго салып, жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтарууда да «СӨ3» эң негизги ролду ойнойт.

Биз өз ара сүйлөшкөндө кандай сөздөрдү сүйлөп, кайсы деңгээлдеги темаларда сүйлөшүп, кандай телекерсөтүүлөрдү көрүп, интернеттен кандай информацияларды алып жатканыбызга маани бере турган убакыт келди. Акыркы убактарда эл оозунан «Ким информацияны башкарса, ал дүйнөнү да башкарат» деген сөздөрдү уга баштадык. Муну менен эмне демекчибиз?!.. Биз да өнүккөн дүйнөдөн артта калбай, заман талабына жараша пайдалуу информацияларга ээ болуп, адегенде өзүбүздүн жан-дүйнөбүздү туура башкара алышыбыз керек. Анткени биздин ден соолугубуз, ишибиз, ийгилигибиз биздин бүгүнкү күндүгү кайсы информациялардын негизинде сүйлөп, ой жүгүртүп жатканыбызга жараша болот. Ошондуктан кайсы жактан болбосун, маектешүү, китеп, гезит, уюлдук телефон, радио, телевизор, интернет аркылуу бизге келген ар бир информацияны кабыл алаардан мурда, аны анализдеп, керектүү же керексиз, пайдалуу же пайдасыз экенин тактап алышыбыз шарт. Бул багытта балдарыбыз да биздин катуу көзөмөлүбүздө болушу керек. Себеби информация бизге жана балдарыбызга багыт берчү нерсе. Ошон үчүн бүгүндөн баштап кайсы ойлор жана кайсы сөздөр менен сүйлөп, кайсы түшүнүктөр менен жашоо керектигин тактап алалы. Анткени мунун баары бүгүнкү жана келечек жашообузга таасир берет.

Эгерде биз ден соолуктуу, билимдүү, абийирдүү, таланттуу, ийгиликтүү жана бактылуу коом курууну кааласак, анда эл оозундагы «ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө» деген макалды ишке ашырууга милдеттүүбүз. Анткени ойлонбой сүйлөп коюп, тагдыры талкаланып, сүйлөгөн сөзүнүн туткуну болуп жүргөндөр толтура. Ошондуктан биз сезге эмес, сөз бизге туткун болсун. Сезге туура багыт берсек, ал да бизге туура багыт берет. Сөз да тирүү зат сыяктуу, анын да өмүрү бар. Ал да биздин катарыбызда жашайт, тактап айтканда, бизди курчап турган, бирок көзгө көрүнбөгөн энергоинформациялык талаада материалдык субстанция катары өз алдынча жашап турат. Бизден кийинки урпактар бизди биздин сөзүбүз аркылуу гана «ал жакшы адам болчу, же жаман адам болчу» деп эстешет.

Ошондуктан биздин артыбызда жакшы сөздөр менен жакшы иштерибиз гана калсын!

Ар түрдүү ооруулар, балээ-кырсыктар жана кайгы-капачылыктардан кутулуу үчүн айтылуучу дуба

(Аллоох,умма ахриж мин ажсааминаа кулла шарриу-уа кулла

мародыу-уа кулла сихриу-уа кулла ъайниу-уа кулла хузниу-уа уа кулла х,аммиу-уа кулла таммиу-уа кулла дыик,. уабдулху бис-сиххати уас- саъаадати уал-фаражи мадаа хайаатинаа)

«Оо, Аллахым, денебизден ар кандай жамандыкты, оорууну, сыйкырды, көздү, кайгы-капаны жана сыгылууну чыгарып, алардын ордуна бизге өмүр боюу ден-соолук, бакыт жана ийгилик бергин!»

 

Булак: Оору жана шыпа китебинен.