Муздаткыч, тамак-аштын түрүн жасап, кыргыздын улуттук кийимин аздектеген медресе жаштары

Бүгүн, 20-декабрда Кыргызстан Ислам университетинин жыйындар залында «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун бир жылдык мөөнөт ичинде аткарган иш-чараларынын жыйынтыктарын, кандай ийгиликтерге жетишкендигин камтыган иш-чара болуп өттү. Ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, “АВЕП” коомдук фондунун директору Нурлан Токонов жана медресе мүдүрлөрү, студенттер катышты.

Иш-чара алгач Кыргызстандын түндүк аймагы боюнча долбоорго кирген 6 медресенин («Көлмө», «Биринчи кадам», «Абу Али Ибн Талиб», «Равза», «Чет тилдер кыздар», «Кутайба Ибн Муслим») студенттери өз колу менен жасаган эмгектерин көргөзмөгө коюшту. Анда тиричилик техникалардын ичинен муздаткыч жасагандар, тамак-аштын түрлөрү, кийим-кече, тиричилик буюмдары ж.б. бар.

“Долбоор бүгүнкү күнүбүздөгү актуалдуу проблеманы камтып, медреселер жана тийиштүү уюмдар менен биргелишип иштешүүдө. 2017-жылдан тарта долбоор ишмердүүлүгүн Кыргызстандын бардык облустарында уланта баштады. Ага ылайык ар бир облустан бирден медресе тандалып алынды жана тандоодо КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы активдүү катышууда”- деди “АВЕП” коомдук фондунун директору Нурлан Токонов.

Долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен медреселерге кесип үйрөткөн сабактар 2017-жылдан баштап кире баштаган. Ушул күнгө чейин бул долбоор Кыргызстандын жети облусунан тандалып алынган 28 медреседе ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим берүүдө. Адистиктер: “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник, “Тикмечи”, “Бал челекчи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багытында үйрөтүлүп, жаштар үч айдын ичинде эле кесипке ээ болгон сертификаттарды алышууда.  Бүгүнкү күндө 3 жыл ичинде Кыргызстандын түндүк аймагы боюнча 1169 бала аталган кесиптик билимге ээ болушуп, алардын 65 пайызы жумуш менен камсыз болушкан.