Каргыш сөздүн ден соолукка таасири

Генетика илимпоздору тактагандай, адамдын генетикалык аппараты анын эмнени сүйлөп, эмнени угуп жатканына кайдыгер калбайт. Анткени кандай гана информация болбосун, ал генетикалык аппаратта жазылып кала берет. Бул учурда ДНК аппараты адам информацияны кайдан алып жатканын, маектешүүдөнбү, телевизордонбу, же интернеттенби айырмалай албайт. ДНК молекулалары бул маалыматты акустикалык жана электромагниттик толкундар аркылуу кабыл алат. Бирок бул жердеги эң маанилүү нерсе, окумуштуулар өткөргөн тажрыйбада сөздөр генетикалык таасирге да себеп болгон. Алар адамдын сүйлөгөн сөздөрүн электромагниттик термелүүгө айлантуучу аппарат ойлоп табышкан. Сөздөрдөн пайда болгон бул термелүүлөр адамдын тукум куучулук молекулаларына (ДНКга) түздөн-түз таасир берген.

Негативдүү сөздөр ДНК программаларын бузуп, дененин нормалдуу өсүп-өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Маңкурт кылуу, сыйкырлоо, гипноздоо, көзү ачыктык, бакшылык, ата-эненин каргышы, зулумдук көргөн адамдын каргышы сыяктуу терс ниеттеги иштер адамды өз эркинен, ден соолугунан, жадагалса, өмүрүнөн ажыратып коюусу мумкун… Бул иштерди ишке ашырууда негизги курал катары негативдүү «жаман сөздөр» башкы ролду ойнойт. Каргыш сөздөр бир гана негативдүү жаман сөздөрдөн турат. Каргыш — бул чындык. Ал кимге карата айтылса, эгер ал

татыктуу болсо, ага сөзсүз зыяны жетет. Эгер татыктуу эмес болсо, анда ал каргыш айткан адамдын өзүнө баары бир кайтып келет. Каргыш айтуу да, каргануу да чоң күнөө. Буга ар бир адам маани бериши керек. Тилекке каршы, азыркы күндөрдө адамдар, өзгөчө аялдар, каргыш сөздөрдү күнүмдүк сөз катары колдонуп калышкан. Аялдар каргыш айтуу, же каргануу себебинен тозокко көбүрөөк татыктуу болору жөнүндө да Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) эскертип кеткен. Каргыш сөздүн таасири ата-энеден кийинки жети урпагына чейин жете берет. Каргыштан зыян тарткандар көп. Ошондуктан бирөөгө каргыш айтуудан, же каргышка калуудан, же бирөөгө жаман сөз айтуудан, же жаман сөз угуудан сак болушубуз керек. Пенденин каргышына Караганда Алланын каарына калуу коркунучтуу. Алла Таала Өзү сактасын!

Каргышка калган адамдардын иштери жүрүшпөй, үй-бүлөсү менен ажырашып, балдары жетим калып, аягында ден-соолугун жоготуп, бактысыз турмушка кабылгандар да арабызда аз эмес. Ошондуктан ар бир адам башка бирөөлөрдү нааразы кылып, акысын жеп, аларга зулумдук көрсөтөөрдөн мурда, өзүн жана өзүнөн кийинки келе жаткан урпактарынын тагдыры жөнүндө ойлонушу керек. Анткени каргыштын себебинен балдары, небере-чеберелерине чейин катаал тагдырларга дуушар болуп калышы толук ыктымал. Бул өтө жагымсыз көрүнүш.

Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (САВ) доорунда Алкама аттуу жигит жашап өткөн. Ал көнө-түнү намаз окуп, орозо тутуп, дайыма Алла Таалага дуба-зикирлерди айтып жүрчү. Бирок күндөрдүн биринде Алкама кокусунан тилден калып, катуу ооруу себебинен өлүм төшөгүнө жатып калат. Тегерегиндегилер канчалык аракет кылышпасын ага өлүм алдында айтылуучу «Лаа илааха илла Алла» келимесин айттыра албай коюшат. Бул жөнүндө Пайгамбарыбызга (САВ) кабар келгенде, ал дароо эле бул жигиттин атасы жөнүндө сураштырат. Сахабалар анын атасы жоктугун, бирок картаң бир энеси бар экенин айтышканда, аны алып келүүнү буюрат. Алкаманын энеси келгенде, Пайгамбарыбыз (САВ) андан баласынын ага болгон мамилеси жөнүндө сурайт. Алкаманын энеси: «О Алланын элчиси, Алкама бул дүйнө жыргалына алданбаган, жашоосун дайыма ибадат менен өткөргөн жакшы бала болчу, бирок балам аялынын ыраазычылыгын меникинен жогору койгону үчүн ага ыраазы эмесмин» деп жооп бергенде, пайгамбарыбыз (САВ): «Мына, Алкаманын тилден калып, күбөлүк келимесин айта албай жатканынын себеби кайда, эми балаңды кечир, ал өлүм алдында турат, күбөлүк келимесин айтып калсын» деп эскертет. Ошондо Алкаманын апасы: «Балам мени менен эсептешпеген болсо, кантип аны кечирем?!» деп жооп берет. Ошондо Пайгамбарыбыз (САВ) сахабасы Билалга: «Элдерди чогултуп, отун жыйнап келгиле, Алкоманы өрттөйбүз» деп айтат. Ошондо Алкаманын энесинин жүрөгү түшүп: «Бул эмне кылганыңар, баламды менин көз алдымда кантип өрттөйсүңөр, ага менин жүрөгүм чыдабайт» деп жалына баштайт. Ал аялдын бул сөзүнө пайгамбарыбыз (САВ): «Тозоктун оту аябагандай күчтүү, ал бул дүйнөдөгү оттон да коркунучтуу. Эгерде азыр аны кечирбесең, анын бир да ибадаты кабыл болбойт» дегенде, коркуп кеткен аял: «Мен ыраазымын, мен кечирдим» деп жиберет. Ошондон кийин гана Алкама тилге келип «Лаа илааха илла Алла» келимесин айта баштайт. Бирок Алкама ошол күнү бул дүйнө менен коштошот. Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) сахабалары менен ага жаназа намазын окуп, аны көмүшкөндөн кийин: «О сахабаларым, ансарлар жана мухажирлер! Алла Таала жана Анын периштелери аялын өз энесинен жогору койгон эркекке каргыш айтат. Алла Таала анын намаздарын жана ибадаттарын кабыл кылбайт» деп, бүткүл адамзатка эненин бийик орду менен баланын милдети жөнүндө өтө так эскертип кеткен.

Урматтуу окурман, көрдүңбү?!.. Энесин ыраазы кылбаган баланын бул дүйнөдөгү абалы кандай өкүнүчтүү болгон. Эгерде Алкаманы энеси кечирбегенде, ал келимени айталбай бейишке татыксыз болуп калмак. Мындан эненин ыраазычылыгы канчалык маанилүү экенин билип алсак болот. Ошондуктан ар бирибиз мандайыбыздагы ата-энебизди сыйлап, баталарын алып, аларга кызмат кылалы! Алар биздин байлыгыбыз, дөөлөтүбуз. Кимдин ата-энеси өтүп кеткен болсо, алардын артынан дайыма дуба кылсын.

Эгерде арабызда аялын апасынан артык керген, артык сыйлаган, аялына айткан жакшы сөзүн апасына айтпаган, аялына берген белегин апасына бербеген, же Алкамага окшоп аялынын ыраазычылыгын апасыныкынан жогору койгондор бар болсо, анда алар кеч болуп кала электе тезинен терен, ойлонсун!.. Анткени мунун баары Кудайга жакпаган иштер. Алар үчүн Алкаманын күнү сыяктуу күндөр да алыс эмес. Ата-эне ыраазы болмоюнча, Жараткан Алла да ыраазы болбойт.

О Аллахым, бизге ата-энелерибизди ыраазы кылган жашоону насип кылгын! Бизди ар түрдүү каргыштардан сактагын!

 

Булак: Оору жана шыпаа китеби.